www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызпатент сый акысын албай калган авторлорду издөөдө

Кыргызпатент чыгармалары телерадиокомпаниялардын эфирлеринде жаңырган, бирок сый акысын албай калган автор, аткаруучуларды издеп жатканын маалымдады.

Мекеме изделип жаткан авторлордун тизмесин жарыялап, андан өзүн тапкандарга сөзсүз кайрылууну өтүнгөн. Ал эми автор, аткаруучулар өзүн бул шилтемеге кирип тапса болот.

Автордук сый акыны алуу үчүн талап кылынган документтер:

Чыгармаларды каттап, укуктарды башкаруу укугун берүү тууралуу келишим түзүү керек;

Автордун же аткаруучунун каттоо барагын толтуруу зарыл;

Паспорттун көчүрмөсү;

Банктан эсеп ачып, анын дарегин Кыргызпатенттин кызматкерлерине тапшыруу шарт.

Автордук сый акыларды бөлүштүрүүгө жана төлөөгө байланыштуу маселелер боюнча 0(312) 68-00-86, 0(550) 778-450, 0(550) 778-590 номерлерине чалса болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости