www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун аткаруу кеңешине (ЖКЭУ) төрагалык кылат. Бул тууралуу ӨКМден билдирди. Маалыматка караганда, Женевада (Швейцария) ЖКЭУнун аткаруу кеңешинин 54-сессиясы болуп, анда Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев бул уюмдун аткаруу кеңешинин төрагалыгына шайланды.
“Дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсү кирген Эл аралык жарандык коргонуу уюмуна төрагалык кылуу биздин өлкө үчүн чоң сыймык. Анткени дал ушул орган жарандык коргонуу, калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо тармагында орчундуу чечимдерди кабыл алат”, — деди Ажикеев.
ЖКЭУ — жарандык коргонуу боюнча чет мамлекеттер менен аймактык жана глобалдык деңгээлде кызматташууну андан ары өнүктүрүүгө, табигый кырсык тобокелдиктерин башкаруу тармагына инвестиция тартууга салымын кошкон эл аралык уюм.
Булак: NazarNews.kg