www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан эч качан Кытайдын вассалы болгон эмес

Азыркы учурда ар кандай такталбаган маалыматтар жарыкка чыгууда. Акыркы мезгилде Toutiao.com сайтында кытай тилинде жарык көргөн материалга кайрылалы. Маалымат кытайчадан кыргызчалаганда «Борбор Азиядагы өлкө: Анын тургундары өздөрүн хан доорундагы генерал Ли Линдин урпактары деп санашат жана жергиликтүү калайык кытайлык товарларды колдонгонуна сыймыктанат» деп аталат. Эң кызыгы - бир адам да комментарий берген эмес. Мындан улам Toutiao.com сайтынын ханзу колдонуучулары мындай маалыматка эч кандай реакция бербегендиги оңой эле баамдалат. Аны макаланын ысмы белгисиз авторунун «Бүгүн сиздерге мугалим Борбордук Азиянын өлкөсүн сунуш кылды. Бул өлкө Кытай менен терең кызматташтык жүргүзөт» деп баштаган сөздөрү бышыктап турат. Баамыбызда автор студент же окуучу кыз, тарых сабагынан берген окутуучусу Кыргызстан жөнүндө билгенин айтып берген окшойт.

Макала жазган киши эч кандай окумуштуу эмес. Ал деле фолк-хистори өкүлү. Анын жазганына Кытайдын профессионал тарыхчылары эч көңүл да бурушпайт. Ал жарыялаган интернет-барак да биздеги жөнөкөй, расмий эмес барактардай эле экен. Биз сөз кылып жаткан Toutiao.com интернет-баракчасы социалдык тармакка маалымат берүүгө арналган жеке колдонуучулардын мобилдик тиркемеси болуп эсептелип, жасалма интеллект технологиясына негизделген Jinri Toutiao ( «Бүгүнкү темалар ») деп аталган ири компаниялык, бараандуу интернет-сайт.

Анын интернет-домени Toutiao.com болуп, сайттын колдонуучуларынын талабына жараша коюлган түрдүү маалыматтардын (контент) өзгөчөлүгүнө карап, аларды атайын алгоритмдик модел менен компьютерде иргеп, колдонуучулардын социалдык жана жеке кызыкчылыгына багытталган түрдүү жаңылыктарды жүктөшөт.

Jinri Toutiao интернет-сайтынын 700 миллион колдонуучусу, ар бир айда кеминде 175 миллион активдүү колдонуучусу бар, ар бир күнү 78 миллиондой жаран эч болбосо бир сааттан ачып караган, бир суткада 1,3 миллиард макаласы окулган Кытайдын килейген компаниялык мобилдик платформасы. Анда маалыматтар администратор аркылуу эмес, жасалма интеллект, башкача айтканда компьютердик эсептөө машиналары менен иргелип, жайгаштырылып турат. Компаниянын баш кеңсеси Бээжинде болсо, бир кеңсеси АКШда Лос-Анжелесте жайгашып, учурда компания 10 миллиард долларлык инвестиция күтүп жатат.

Албетте, Toutiao.com биз көп колдонгон Facebook веб-сайтына же Google Play’дин тиркемеси эсептелген Instagram’га окшош, бирок Toutiao.com’дун масштабы кийинки эки веб-сайтка жетпейт. Маселен, Facebook дүйнөдөгү 5 ири социалдык тармактык веб-сайттын бири болуп, анын баракчаларына кирген колдонуучулардын саны Toutiao.com сайтынан алда канча көп. Мисалы, 2021-жылдын август айында Facebook веб-сайтына 1,968 миллиард адам кирсе, ошол эле жылдын июлунда 2 миллиарддан ашык колдонуучулар эч болбосо Facebook’ка бир жолу баш баккан.

Биз Jinri Toutiao компаниясынын иштөө эрежеси жана ырааты менен таанышалы. Албетте, ал кытай тилинде жана кытай иероглифи менен аткарылат. Бирок, бурчундагы көрсөткүч аркылуу дүйнөнүн белгилүү тилдерине тез эле компьютердик которуу жолу менен окуса болот. Компаниянын сайтында түрдүү видеолор, илим, маалымат, тарых, оюн, экономика, окутуу, реклама, туристтик жана башка бөлүктөр бар. Алар колдонуучуларга социалдык талаптарды эске алуу менен автоматтык түрдө суроолорду жайгаштырып, ага колдонуучулар тарабынан жооп жазуу аркылуу ишке ашырылып турат.Мындай интернет барактарда колдонуучулар каалаган пикирин каалагандай эркин билдире берет эмеспи, Toutiao.com’до да так ошондой. Албетте, кемсинтүүчү, орой, сөгүнүү сөздөрүн компьютердик эсептегич өзү эле иргеп турат.

 

Аларда Кыргызстандын тарыхчыларына кызыктуу маалыматтар да көп экен. Кытай династиялары, алардын согуштары, Хань доорундагы Кытайдын Борбор Азия багытындагы саясаты, хуннулар, динлиндер, түрктөр, албетте, Энесай кыргыздары, ала-тоолук кыргыздар, колбашчы Ли Лин тууралуу жана башка толгон маалыматтар учурайт. Ли Линдин чоң атасы –– легендарлуу Ли Гуан деген кол башчы болгон. Мындай караганда, сөз кылынып жаткан тасма менен макаладагы маалыматтар биздеги тарыхты бурмалаганга уста «фолк-хистори» агымынын өкүлдөрүнүн тарыхый логикадан сырт, теңирден тескери жазган псевдо-илимий ой-пикирлеринин эле кытайлык түрү, синоними катары кабыл алынышы абзел.

Ошол эле учурда Кытайдагы  бул интернеттик макалаларды «расмий пикир болчу» деп эч кандай кабыл албастан, «жөн салды эле көчөдөгү пикир» катары кабылдоо зарыл. Кытайда интернетте жарыяланып жаткан жогорудагы макалаларга баа берүүдө көбүртүп-жабыртпашыбыз керек. Биринчи макалада «чуулгандуу маалымат» жарыялаган Кытайдын Toutiao.com интернет-сайтынын тегерегинде сөз кылып, сөз кылынып жаткан маалымат расмий көз караш эмес экендигин жана аны олуттуу көңүлгө алууга арзыбай тургандыгын негиздеп өткөн элек.

Бирок, жалпы кыргыз окурмандар Кыргызстандын аймактарынын байыркы тарыхынан жаңы доорго чейинки Кытай мамлекети менен кандай алакасы бар экендиги жөнүндө жеткиликтүү маалыматты билбегендиктен, аздыр-көптүр окурмандардын дүйнө таанымын арбытыш үчүн сөз болуп жаткан тема боюнча төмөнкү кыскача тарыхый серепти сунуштадык.  

Экинчи, биздин заманга чейинки I кылымда Хунну-Кытай согуштарынын биринде ханзу колбашчысы Ли Лин хуннуларга (сюнну) колго түшүп, кийин анын кыргыздардын (гянь-гунь) башчысы болушуна байланыштуу аны «кыргыздар өздөрүн анын урпактары катары санашат».

Үчүнчү, Тан доорундагы залкар акын Ли Бай (Ли Бо) Кыргызстандын аймагындагы Чүй өрөөнүндөгү Суяб шаарында туулган жана ал факты бул жерлер Тан династиясынын жерлери болгонун көрсөтөт.

Генерал Чен Тандын бул салгылашуусу Кытай тарыхында белгилүү окуялардан болгондугу ырас. Б.з.ч. 36-жылкы Талас салгылашуусу Манас эпосундагы Алоокенин Орозду ханды чапканы жана андагы «Бири кетти кереңге, бири кетти тереңге, бири кетти Каңгайга (Кангюй мамлекети), бир кетти Алтайга» деген саптарды элестетип турат. Манас таанууда «Каңгай» деп азыркы Хангай тоолорун түшүндүргөн вариант да бар.

Биздин замандын I-V кылымдарында кытай булактарында кыргыздар жөнүндө маалымат дээрлик учурабайт. Негизи кытай хронисттери коңшулары жөнүндө алар качан гана ири согуштарды уюштурса, мамлекет түзсө же Кытай саясатына таасир этсе гана кыскача жазып турган. Демек, бул мезгилде Улуу Талаада түндүк жана батыш көчмөндөрүнүн, анын ичинде кыргыздардын катышуусунда Кытай империясына таасир эткен ири окуя болбосо керек деген тыянак чыгарууга туура келет.

 

Аталган мезгилдеги кыргыздардын тарыхындагы эң эле белгисиз доор - биздин замандын II–V кылымдары. Гумилёвдин этногенез жана биосфера теориясына карасак, бул мезгилде Улуу Талаада зор кургакчылык өкүм сүргөн. Мындай абал көчмөндөрдүн жер которушуна, башкалар менен алака түзүшүнө, жалпы эле тарыхый активдүүлүгүнө тескери таасир тийгизген. Бир катар уруулар жок болуп да кеткен.

Ал доордо Кытайдагы абал кандай эле? Биздин заманга чейинки доордун акырынан баштап алдан тая баштаган Хань империясында бийликте туруксуз абал түзүлгөн. Кытай императорлору хуннулар баштаган көчмөндөрдүн чабуулун токтото албай шаштысы кетип турган. Анын үстүнө Түндүктө көчмөндөрдүн жаңы күчтөрү пайда боло берген. Тынымсыз чабуулдардын натыйжасында Кытай императорлору айрым көчмөн уруу башчыларына бийлик берип, башкаларынан коргонууга өтө баштаган. Алар, айрыкча көп сандаган хуннулардын өздөрүнүн бийлигине нааразы болушкан топторунун башчылары болучу. Кытай императорунан колдоо алган мындай куралдуу топтор, эми куралын Кытайдын өзүнө карай бура баштаган.

Анын үстүнө Кытайдын борбордук бийлигинде ич ара араздашуу күчөп, биздин замандын башында, тагыраагы 8-жылы Хань императору Юань-динин кайниси болгон Ван Ман аттуу адам бийликти тартып алып, «Синь» деген жаңы династия негиздеген. Бирок, ал династия 23-жылы Ван Мандын өлүмү менен аяктап, ал жылдары Кытайды табигый жана социалдык-саясий кырсыктар каптаган. Хуанхэ дарыясынын ашып-ташышы, ачарчылык, «кызыл каштуулардын көтөрүлүшү» жана башка. Натыйжада Хань династиясы кайрадан ордуна келип, бирок эми «Чыгыш Хань династиясы» деген аталышта калган доорун 220-жылга чейин уланткан.

Дээрлик 200 жылга жакын созулган бул мезгилде Кытай алсыраган. Кургакчылыктан улам көчмөндөр ири согуштук аракеттерди жүргүзө алышкан эмес. Жалпысынан айтканда, Кытай жана Улуу Талаанын тарыхынын «бүдөмүк доору» өкүм сүргөн.

Биздин замандын  220-жылы Хань династиясы кулап, анын ордун «Үч падышалыктын доору» (220-280-жж.) орногон. Алар өз ара ыркы келишпеген Вэй, Шу жана У деген падышачылыктар эле. Ал арада түндүк көчмөндөрдүн ириси – хуннулардын конфедерациялык мамлекети 155–56-жылдары Манчжуриядан каптап кирген сяньби урууларынын ханы, легендарлуу Таншихайдын соккусунан кулап, үч бөлүнүп кетишкен. Хуннулардын бир бөлүгү Кытайга кире качкан, бир бөлүгү Орто Азияга кеткен (абдал, б.а. эфталиттер), өтө согушчан бир бөлүгү түз эле батышка - Урал тарапка кеткен. Алар 200 жылдан кийин «гунндар» деген ат менен Евразияга дүң болушкан. Улуу Талаадагы ушундай окуялардан соң мурунку бирдиктүү Хань империясы бөлүнүп-жарылып, 304-жылы Кытайда түштүк хуннулардын Лю Юань деген башчысы өзүн хунну федераттарынын башкы теңиркуту (шаньюй) деп жарыялайт да, Кытайда «Түндүк Хань мамлекетин» негиздейт. Так ошондой эле аракеттерди хуннулардан башка көчмөндөрдүн башчылары да жасашып, натыйжада Кытай тарыхында 304-жылдан 431-жылга чейин созулган «16 варвардык мамлекеттердин доору» өкүм сүргөн.

Алардын ирилери башчылары негизинен хуннулардан чыккан Түндүк Хань (304–318), Чжао (318–351), Түндүк Лян же Хэси (397–439) жана Ся (407–431) мамлекеттери эле. Кийинки жылдары түндүктөгү сяньби эли күчөп, «Тоба Вей» (386–535) мамлекети түзүлгөн жана Кытай аймагынын баарын башкарган. Андан кийин ал мамлекет «Чыгыш Вей» (535–550) жана «Батыш Вей» (535–556) болуп бөлүнүп кеткен. Бир катар согуштардан кийин Кытай жеринде «Суй династиясы» түзүлгөн (581–618). Ал династия Батышта алгылыктуу саясат жүргөзө алган эмес.

618-жылдан баштап Кытай мамлекетин жаңы бийиктикке көтөргөн доор башталып, «Тан династиясы» (618–907-жж.) орногон. Жаңы династиянын негиздөөчүсү шансилик феодал Ли Юань болучу. Ошентип, биздин заманга чейинки I кылымдын акыркы чейрегинен башталган Улуу Талаадагы саясий олку-солкулук, табигый кырсыктар, кургакчылык жана ачарчылык Кытай империясынын батыш саясатын үзгүлтүккө учураткан. Кытай, ошентип, Орто Азия менен Кыргызстанга таасирин тийгизмек түгүл, өзүн эптей албай калган. Демек, бул мезгилде «Кыргызстан Кытайдын карамагында болгон» деген пикир таптакыр тарыхый чындыкка каршы жыйынтык болуп саналышы абзел.

Тан империясынын (618–907) тушунда Орто Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын аймактарына Кытайдын таасирин жайылтуу аракетинин экинчи толкуну болгонун моюнга алуу керек. Чынында Кытай тарыхында Тан империясы эң кеңири чөлкөмдү ээлеген мамлекет болгон. Анын «Батыш чөлкөм» деген ээликтери азыркы Турпан, Кашкар, Хотан, Үрүмчү, Аксуу шаарлары турган Чыгыш Түркстанды гана камтыган. Өз аты Ли Шиминь, хан сарайлык титулу Тай-цзунь (627–649) болгон императордун тушунда жогоруда аталган жерлер Кытай тарабынан ээленген.

Бирок, баары бир так белгилеп коюучу нерсе - Кытай империясы эч качан азыркы Кыргызстандын аймактарына саясий ээлик кылган эмес. Тан империясынын айрым бир экспедициялык аскер кошуундары 620–630-жылдарда Кыргызстандын аймактарына убактылуу сүңгүп кирген учурлар гана болушу мүмкүн. Тарыхта мындай кыйыр фактылар айтылат. Тан династиясынын тушунда Улуу Кытай – Батыш Европа жибек жолу өнүгүп, анын эки тармагы Кыргызстандын аймактарынан өтүп турган. Түштүк тармагы Алайдагы Эркечтамдан, Ош, андан ары Кожент жана жалпы Мавереннахр, ортоңку тармагы Ат-Башыдагы Торугарттан Теңир-Тоо аркылуу Чүй, андан ары Түштүк Казакстандын аймактарына карай уланган.

Жибек жолунда кытай соодагерлери маанилүү орунда тургандыктан, алардын бир катары соода жолдорунун боюндагы шаарларда туруктуу жашап калган мисалдарын да көрүүгө болот. Айрым учурларда Кытай империясынын «Батыш чөлкөм» провинциясынын башчылары Кыргызстандагы айрым активдүү соода түйүндөрүнө соода өкүлчүлүктөрүн уюштурушуп, бул соодагерлерге саясий да тапшырмалар берилип турганын эске алуу керек.

Ошол доордогу Фергана өрөөнүн алып көрөлү. Кытай тарыхый булактарына караганда, Фергана биздин замандын VI–VII кылымдарында «Полона», кийинчерээк «Пахоньна», «Бохань» же «Фей-хань» деп аталыптыр («Паркана»). Изилдөөлөрдүн тастыктоосу боюнча, 754-жылы Ферганада 6 ири шаар жана 100дөй кыштактар болгон. Алардын ирилери Өзгөн, Ош, Кожент, Андуган (Анжиян), Араник (Наманган) шаарларын атаса болот. Полононун борбор шаары кытай булактарында Сигянь деп аталып, ал Ахсыкет шаары деп божомолдонот.

Кытай булагы «Таншунун» маалыматы боюнча 629-жылдан баштап Фергананы Батыш-Түрк каганатынын ханзаадалары ээлеп калышкан. 629-жылы жергиликтүү башкаруучу Циби батыш-түрк ханзаадасы Кань Мохедо тарабынан өлтүрүлүп, кийинчерээк Фергананы Ашина түрктөрүнүн ханзаадасы Шуни ээлеген. Андан кийин бул жерди Шунинин уулу Йебочжи башкарган. Болжол менен 658–59-жж. Фергананын башкаруучусу болуп Цибинин агасынын уулу Аляошань дайындалат.

Айрым кытайлык булактардын маалымдашынча, Аляошандын мезгилинде Фергана Тан империясына вассалдык көз карандылыкта болуп, салык төлөп турган имиш жана ошол жылдары Фергананы императордун жардыгы менен «Хюсюнь» деп атап, Касан шаарын резинденция катары эсептешкен имиш. Бирок, иш жүзүндө Ферганадагы көз каранды эмес мамлекеттин туруму кытайлык сарай тарыхчысы тарабынан бурмаланып катталган деген азыркы синологдук адистик пикирлерди да эске алуу абзел.

Орус тарыхчысы В.Наливкиндин маалыматына караганда, ал кезде Фергана өрөөнүнүн түндүк-батыш өңүрүндө жайгашкан Касан шаарынын башчысы Ахшид, көчмөндөр жашаган Унгар округунун (азыркы Кербен шаар) башчысы Керван-бас деген адамдар экенБул жерде айта кетчү дагы бир кызыктуу факт бар. Кытайда жазылган хроникаларда «Батыш чөлкөм» деген түшүнүккө Байыркы Рим, Византия, Египеттен баштап өздөрү эч качан ээлик кылбаган жерлердин баарын киргизе беришкен. Ал эми Орто Азиянын аймактары ошол «Батыш чөлкөм» деген түшүнүктүн ичинде болуп, андагы эгемен Согдиана, Фергана, Жети-Суу аймактары Улуу Кытай Жибек Жолунун боюнда жайгашкан.

Орто Азиядагы түрк каганаттарынын ич-ара ыркырашкан так талашуу мезгилдеринде экономикалык жактан Тан династиясынын жана согдулуктардын таасири бул жерде олуттуу болгон. Биз кеп кылып жаткан toutiao.com сайтынын маалыматтарында «"Батыш чөлкөм" деген термин император Хан Сюань Батыш чөлкөмдө кароол бекетин орноткондон тартып формалдуу түрдө колдонула баштаган» деп жазылып турат.

Ошол эле сайттын бир материалында Цин династиясына вассал катары чын-чынында эгемен болгон мамлекеттер: Корея, Рюкю, Вьетнам, Лаос, Мьянма,. Таиланд, жана башкалар Борбордук Азияда – казак хандыгы, бурут (кыргыз) хандыгы, Бухара хандыгы, Ооганстан саналып кете берген.

 «Тан» династиясынын мезгилинде жана андан кийин азыркы Кыргызстандын аймактарында өз алдынча саясат жүргүзүп, Евразия континентинде түрк элдеринин тарыхый ролун Кытай мамлекетинин деңгээлине гана чыгарбастан, андан да маанилүү баскычка жеткире алган эгемен мамлекеттер - каганаттар болгондугун баарыбыз билебиз. Алар Улуу Түрк каганаты (552–704), Төргөш каганаты (704–766), Карлук каганаты (766–940), Карахандар каганаты (940–1212). Энесай Кыргыз каганаты да эгемен мамлекет болгон.Орто кылымдар доорунда түрк элдерин жана Кыргызстандын аймагын дүйнө аренасына алып чыккан эки окуя болгон. Анын биринчиси төмөнкүдөй эле. 552-жылы негизделген Түрк кагандыгынын биринчи каганы Бумын 553-жылы өлгөндөн кийин анын бир тууган иниси Истеми-каган «багадур-жабгу» 554-жылы жаз айларында Ысык-Көлдүн Барскоонун негизги ордо кылып, Орто Азияны ээлөөгө, Улуу Жибек жолун көзөмөлдөөгө жигердүү аракетин баштаган.

Бир жарым жылдын ичинде ал азыркы Казакстандын борбордук бөлүгүн, Жети-Сууну жана Хорезди каратып, түштүгүнөн Аму-Дарыясынан чектелген зор аймакты Түрк каганатына кошкон. Кийинки жылдарда даңктуу жеңиштер менен ак хун (хиониттер), вар жана огор урууларын каратып, 558-жылга карата Истеми каган Эдил (Волга) дайрасынын боюна чыга алган.

Ал кезде Улуу Түрк каганатынан башка Евразия континентинде тагдыр чеччү үч дөөлөт (держава) бар эле: Византия, Кытай жана Сасанийлик Иран. 560-жылдардын биринчи жарымындагы эл аралык кырдаал Евразиядагы күчтөрдүн өз ара геосаясий таймашын баштаган. Эгер ушуга чейин Евразиядагы геосаясаттык ири оюнчулар Кытай, Иран жана Византия болуп келишсе, эми ал күрөшкө Улуу Түрк каганаты чечкиндүү кошулган. Ошентип, бул жаңы геосаясаттык оюнда Кытай четтетилип, анын ордуна эл аралык саясатка батыл аралашкан Улуу Түрк каганаты келген.

Геосаясий күрөштүн эки ири маселесинин биринчиси – континенттеги геосаясаттык үстөмдүккө жетишүү болсо, экинчиси – континентте экономикалык ресурска ээ болуу эле. Экономикалык ресурстун эң башкы түйүнү Кытайдан Византияга чейин созулган Улуу Жибек Жолун көзөмөлдөп туруу болчу. Кимде-ким Улуу Жибек жолунун ээси болсо, ал Азиянын да, Европанын да соода жолунун кожоюну болууга мүмкүн болгон.

Мындай кырдаалда 561-жылы Истеми алгач Иран менен келишим түзүп, анын натыйжасында Согдиананы ээлеп, эфталиттерди талкалаган. 560-жылдардын экинчи жарымында Истеми каган Византия менен келишүүгө аракеттенген. 568-жылдын жазында Ысык-Көлдүн жээгинен Истеми каган жунан (грек) жерин жана тилин жакшы билген атактуу согду көпөсү Маниахты баш кылып, алыскы Византияга ири элчилик жиберген. Маниахтын элчилиги баалуу белектер менен кошо «скиф тамгалары менен даярдалган атайын кат» да ала барган.

Элчиликти Византия императору Юстин II зор ызаат менен тосуп алган. Маниах Истеми кагандын Византия империясы менен келишим түзүүгө ынтызарлыгын билдирип, ромейлердин ички жана тышкы душмандарына каршы турарын тастыктаган. Юстин II жооп иретинде Византиянын чыгыш шаарларынын стратеги киликиялык Земарх башында турган жоон топ элчиликти Кыргызстанга аттандырган.

Земархтын элчилери Эктаг («Ак-Тоо») деген жерге келишкен. Эктагдын кайда экендиги азыр илимде талаш. Грек жана кытай булактарында Эктаг тоосунда алтын кени мол болгон деген маалыматтарды эске алсак, анда Эктагды Таластын Ала-Тоосунун ортосунда жайгашкан Жерүй алтын кени же Чүйдүн Кемин районунун түштүк аймагында Кыргыз кырка тоосунун койнундагы Талды-Булак алтын кени, же болбосо ички Теңир-Тоо койнундагы Кумбел, Солтон-Сары алтын кендери сыяктуу алтынга бай аймактардан издөө керек.

Элчилерди абдан сыйлап, Истеми каган Земархтын өзүнө кыргыздардан чыккан бир сулуу кызды тартуулаганын грек тарыхчысы Менандр жазып калтырган. Орус тарыхчысы Н.М.Карамзин да ушул маалыматты келтирип, «Хан Земархка бир жаш кыргыз сулуусун белек кылды. Ал Дегин жазгандай черкес кызы эмес эле. Ошентип, кыргыздар 569-жылы жылнаамага жазылып, белгилүү болуп калышты» деп жазган.

Түрк-Византия мамилеси кийинки жылдарда дагы бекемделип, бир нече жолу элчиликтер алмашылган. Натыйжада Константинополдо ар кандай мезгилде келишкен түрктөр көбөйгөн. Маселен 576-жылы Валентин баштаган Византиялык элчиликти 106 түрк жоокери коштоп келгендиги маалым. 568-жылы Византия менен ийгиликтүү түзүлгөн келишим Истеми кагандын Иранга каршы ачык согушка киришин камсыз кылган. Ошентип, Улуу Түрк кагандыгы менен Византиянын ортосунда саясий-экономикалык геосаясий өнөктөштүк Түрк кагандыгы Евразиялык маанидеги чоң империяга айланып, анын чөлкөмдөрү Дунай дарыясы менен чектелип, Улуу Жибек Жолун көзөмөлдөөнүн жемиши бүтүндөй Борбор Азияда түрк насилинин (тилинин, дилинин) биротоло орношун камсыз кылган. Тагдыр чеччү бул окуя Кыргызстан жергесинде пландалып, эл аралык деңгээлде ийгиликтүү чечилгендиктен, элибиздин жергиликтүү бабаларынын да бул окуяга салымы бар деп айтууга болот.

Бул континенталдык геосаясий ийгиликтин дагы бир келечектүү тарыхый мааниси - VI кылымдан баштап Евразия мейкиндигинде Улуу Византиянын таасири улам төмөндөп, ал эми түрк элдеринин цивилизациясындагы ролунун жогорулашына алып келген.

Кийинки кылымдарда Улуу Түрк каганаты бытыраган соң келип чыккан башка түрк мамлекеттери (Батыш жана Чыгыш түрк каганаттары, Төргөш, Карлук, Хазар, Булгар, Кыпчак, Карахандар, Уйгур, Кыргыз жана башка мамлекеттик биримдиктер) улам жайылып олтуруп, Анадолуга огуз-селжуктардын X–XI кк. жана осмон түрктөрүнүн XII–XIII кк. жайгашышына, Византиянын түрктөр тарабынан сиңирилип кетишине шарт түзгөн.

Акыр аягында 1453-жылы Византиянын борбору Константинополь шаары алынып, Кичи Азиядагы гректер жергиликтүү элдер биротоло огуз түрктөрүнүн жана аларга үзөңгүлөш башка элдердин таасиринде калышкан. Бул тарыхый жүрүм түрктөрдүн дүйнөлүк аренага чыгуусун камсыз кылган Кыргызстандан башталган биринчи окуянын кийинки тарыхый эпилогу катары саналып калышы абзел.

VIII кылымдын ортосундагы Орто Азиядагы жана Жети-Суудагы эл аралык кырдаал, Төргөш кагандыгынын алсырап, карлук уруу бирикмеси менен атаандашып жатышы Тан империясынын алдына Түркстандын башка аймактарын ээлеп алуу үчүн дагы бир жолу жортуул уюштурууга эң оңтойлуу кырдаал түзүп берген.

Анын үстүнө Орто Азиянын батышынын басымдуу бөлүгүн ээлеген арабдар бул мезгилде Жети-Суунун чегине келип калган болучу. Бул кырдаалда Тан империясы, анын биринчи министри Ли Линьфу корей элинин тукумунан чыккан Тань империясынын таланттуу генералы, Батыш аймактын башчысы (наместниги) Гао Сяньчжи баштаган чоң аскерди Жети-Сууга карай жортуулга аттандырган. Кытай армиясы көп тоскоолдуктарга учурабай 748-жылы Суябды талкалап, кийинки жылы Чачты (Ташкентти) ээлеп, анын башкаруучусу Мохэдуну туткундап, өлтүрүп салышкан. Ал эми 751-жылы болсо Тан армиясынын айрым аскерлери Талас өрөөнүнө чейин басып кирген.

Ал мезгилде арабдар Мавереннахрдагы (Сыр жана Амунун Эки дарыя аралыгындагы) көтөрүлүштөрдү негизинен талкалап бүткөн эле. Ошондуктан, Араб жалифатынын баскынчылары чыгыштан каптап келе жаткан Тан империясынын экспансиясына каршы турууну чечкен. Хорасандын акими Абу Муслим өзүнүн кол алдындагы йемен арабдарынан чыккан таланттуу аскер башчылардын бири, Зияд ибн-Салихтин башчылыгында ири кошуунду Таласка жиберген.

Арабдардын армиясынын курамында ислам динине кирген Мавераннахрда, Чачта, айрыкча Ферганада турган түрктөрдүн башында Үтөмбек, Туранташ сыяктуу аскер башчылары бар чакан кошуун да кошо келген. Гао Сяньчжинин 100 миң жоокерден турган армиясында Тан империясына вассал болуп эсептелген түрк кошуундары, кучалык, кашкарлык жана азыраак ферганалыктар да болгон. Алардын саны 30 миңдей болгон деп айтылат, булактарда.

751-жылдын июль айында Талас суусунун боюндагы Атлах шаарынын жанындагы эки зор армиянын геосаясий тарыхый салгылашуусу - эки цивилизациянын кызыкчылыгын көздөгөн эки империянын кагылышы болчу.Салгылашуунун тагдырын бешинчи күнү кытайлардын арт жагынан (тылынан) капыстан сокку урган карлуктар чечкен. Карлуктар кытайлардын тылында Талас салгылашуусунун башталышына чейин эле жашыруун чоң кошуун топтоп коюшкан болучу. Капыстан урулган соккудан кытай армиясы солк этип, бирок кытай кол башчылары баш командачы генерал Гао Сяньчжи, экинчи генерал Чжан Лао башаламан түшүп кача баштаган жоокерлерди карлуктарга каршы кайрадан катарга тургуза алган.

Ошол мезгилде кырдаалды байкап турган араб аскерлери Талас суусунан өтө баштап, кытайлардын батыш маңдай жагынан чабуулга кирген. Гао Сяньчжи өзү да кармашка аралашууга мажбур болгон. Ханзулар арабдардын ири аскер башчыларынын бири ибн Саббахты, арабдар тарабында согушкан Туранташты өлтүрүүгө жетишкени менен кытай аскерлеринин тагдыры чечилип калган эле.

Натыйжада Тан империясынын армиясынын таш-талканы чыгып, алардан 50 миң жоокер каза таап, 20 миңи колго түшкөн. Гао Сяньчжи бир аз гана кошууну менен качып кетүүгө үлгүргөн. Кытай армиясынын ири генералдарынын бири Чжан Лао туткунга түшүп, төргөштөрдүн баатыры Байташ Тегин курман болгон. Тарыхый маалыматтарга караганда чачыла качкан кытай жоокерлеринин азыраак гана бөлүгү Ысык-Көл ойдуңунан ары өтүп, Куча (Аньси) шаарына жете алган, көбү Теңир-Тоодо тоо-таштын арасында өлгөн дешет. Ошентип, 751-жылы болгон Талас салгылашуусунун тарыхый мааниси зор. Анткени, анын натыйжалары Борбордук Азияда жашаган түрк элдеринин кийинки кылымдардагы тагдырындагы этномаданий өнүгүшүнүн багытын биротоло аныктап, ислам цивилизациясынын нугуна бура алган.

Биринчиден, салгылашуунун жыйынтыгы Тан (Кытай) империясынын Кыргызстандын аймактарына болгон саясий экспансия далалаттарын жана «Күн чыгыш» өлкөсүнүн Борбор Азиянын ички иштерине кийлигишүүсүн миң жылга чейин токтото алган.

Экинчиден, Араб халифатынын да чыгышка карай аскерий жортуулдары токтоп, ушул окуядан кийинки жылдары түрк элдерин ислам динине киргизүү жүрүмү негизинен тынчтык жолуна - акырындап ынандыруу нугуна багыт алган.

Үчүнчүдөн, бул окуя бүтүндөй Орто Азия элдеринин кийинки тагдырында чоң өзгөрүү жараткан көп этностуу ислам цивилизациясынын андан ары өнүгүшүнө жагымдуу шарт түзүп берген.

Кыргыз тарыхын андан ары карасак, 940-жылы негизделген Карахандар каганатынын мезгили Кыргызстандын аймактарынын экономикалык, саясий, социалдык жана руханий жактын гүлдөө мезгили болуп эсептелет.

Карахандар доорундагы X–XII кылымдарда Кыргызстандын аймактары Кытай империясынын таасирин алмак турсун, аны сезген да эмес. Кытай жана Борбордук Азия өз алдынча аймактар катары бири-бирине көз карандылыксыз жашаган.

Биздин замандын XIII–XVI кылымдары болсо Ички Азияда кидандардын (кара кытай), наймандардын жана Чыңгыз хандын, манчжурлардын чабуулдарынын доорлору болуп, Ыраакы чыгыштагы Кытай империясы коңшу көчмөндөрдүн кысымынан өз айласын таппай тургандыгы белгилүү.

Ал эми Кытайдын Юань (1271–1368) доору Чыңгыз хандын небереси Хубилай хандын таман алдындагы мамлекеттүүлүк болгондугу маалым. Ал эми манчжур тектүү Нуркацинин даңазалуу жеңиштеринин натыйжасы болгон Цин же Манчжур династиясы (1644–1912) жаңы доордогу жаңы дүйнөлүк геосаясий атаандашуунун алкагында өнүккөн. Натыйжада, орто кылымдардын бул ири бөлүгүндө Кытай Орто Азияга, анын ичинде Кыргызстанга эч караандабастан, Чыгыштагы өзүнүн ички маселелери менен гана алпурушуп калган.

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости