www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акылбек Жапаровго кылмыш иши козголуп, тагдыры аянычтуу болушу ыктымал. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда төлгөсү төп келген, көп нерсени алдын ала айткан Света Тойгонбаева NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

«Акылбек Жапаров бир эле учурда эки жээкке ойнойт экен. Бардык нерсе ал ойлогондой эле болбойт. Акылбек Жапаров өзүн азыркы бийликке керекмин деп ойлоп, бир эле учурда эки жакка ойноп жатат. Бирок, бардык нерсе ал ойлогондой болбойт. Мезгили келгенде буга кылмыш иши козголуп калышы мүмкүн. Мунун душмандары көп экен. Өзү да бийлик сересинде турганда көп иштерге аралашкан, тагдыры аянычтуу болушу ыктымал деген аян келип жатат», - деди ал.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров 1-июнда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри болуп дайындалды.

Жапаров Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын жетекчиси. «Кумтөр голд» компаниясына тыштан башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзамдын авторлорунун бири. Ал жетектеген мамлекеттик комиссия корутундусун парламентке алып чыгып, «Кумтөр голд» компаниясына тыштан башкаруу киргизүүнү сунуштаган. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов ошол эле күнү, 17-майда Теңиз Бөлтүрүктү «Кумтөр голдго» тыштан башкаруучу кылып дайындаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости