www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Оппозиция ар дайым бийликти алмаштырууну көздөйт", - деди бүгүн, 7-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине саясат талдоочу Айданбек Акматов.

- Туйгунаалы Абдраимов уюштурууну максат кылып жаткан митингге алар күткөндөй эл келеби? 

- Бийликке нааразылык күчөп бара жатат. Бийликтегилер да өздөрүнүн сабатсыздыгын, компетентсиздигин далилдеп койду. Ошондуктан, калк ичинде наарызылык, көңүл калуу, ишенбөөчүлүк абдан көбөйдү. Бирок Туйгунаалы Абдраимов уюштуруп жаткан митингге 5 миң адам келип берсе, абдан олуттуу митинг болду десек болот эле.

- Оппозиция чындап эле бийлик алмаштырууну көздөп жатабы?

- Оппозиция ар дайым бийликти алмаштырууну көздөйт. Бирок бул нерсе бизде мыйзам чегинде болуш керек. Бийлик да мыйзам чегинде иштөөгө өтүшү керек. Учурда алар өздөрү демилгелеген Конституцияны бузуп жатышат. Конституция түздөн-түз күчкө ээ болуучу башкы мыйзам. Мына ушул Конституцияга ылайык өкмөт башчы бир эле убакта президенттик администрацияны да жетектеш керек. Өкмөт башчы жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоодо парламенттен макулдук алыныш керек. Булар эмне кылып жатат жана эмне кылышты? Парламенттен эч кандай уруксат алынган жок. Президенттик администрация башчысы да отурат, өкмөт башчысы да отурат...

Жогорку Кеңештин депутатын жоопко тартыш үчүн парламенттен уруксат алыныш керек. Булар уруксат алып жатабы? Эч кандай уруксаты жок эле алып камап, кааласа чыгарып, билгенин жасап жатышат...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости