www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан кумшекер менен майды кайсы өлкөлөрдөн алат?

Кыргызстан өсүмдүк майы менен кумшекердин негизги бөлүгүн Россия менен Казакстандан алат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында жазылган.

Ушул жылдын январь айында Кыргызстан төмөнкү өлкөлөрдөн 2 179,2 тонна өсүмдүк майын алган:

Россия — 1 800 тоннадан ашык;

Казакстан — 375;

БАЭ — 0,4.

Ал эми өткөн жылдын биринчи айында 3,9 миң тоннадан ашык май сатып алынган.

2021-жылдын январында өлкөгө 1 506,7 тонна кумшекер импорттолгон:

Россия — 1 421,7 тонна;

Казакстан — 81,9;

Иран — 3,1.

Узаган жылы ушул эле маалда 2 642 тонна кумшекер сатып алынган.

Эске сала кетсек, Кыргызстан өсүмдүк майы менен өзүн 17, ал эми кумшекер менен 56 пайыз гана камсыздай алат. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги бул азыктар ташылып келинген мамлекеттерде кымбаттаганы үчүн ички рынокто баасы өсүп жатканын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости