www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 10-майда Бириккен Араб Эмираттарынын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев БАЭнин тышкы иштер министри Ахмед бин Али Сайег менен телефон аркылуу сүйлөштү.

КРнын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен БАЭнин ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга, атап айтканда, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн турак жайларды курууга өзгөчө көңүл бурулду.

Н.Ниязалиев менен Ахмед бин Али Сайег бири-бирин келе жаткан Орозо айт майрамы менен куттукташты. Сүйлөшүүнүн аягында Н.Ниязалиев Ахмед бин Али Сайегди ага ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды. Министр чакырууну кубануу менен кабыл алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости