www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеш 2-декабрдагы отурумунда соттолгон жарандарды алмашуу тууралуу Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлигинин (БАЭ) ортосунда түзүлгөн келишимди ратификациялады. Парламент депутаттары ратификация тууралуу мыйзамды 3-окууда карап, макулдугун берди.
Белгилей кетсек, аталган келишим 2019-жылы 12-декабрда ошол мезгилдеги президент Сооронбай Жээнбековдун Бириккен Араб Эмирлигине расмий сапары учурунда түзүлгөн.
Сапардын алкагында Абу-Даби шаарында түзүлүп, кол коюлган. Келишимге ылайык, Бириккен Араб Эмирлигинде соттолгон кыргызстандык жарандар жаза мөөнөтүн мекенинде өтөп жатышат.
Эске салсак, соттолгон жарандарды алмашуу тууралуу Кыргызстан менен БАЭнин ортосунда түзүлгөн келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 26-ноябрдагы отурумда каралган.
Азырынча Бириккен Араб Эмирлигинде канча кыргызстандык жаран соттолгону тууралуу так маалыматтар жок.
Булак: NazarNews.kg