www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев Катар мамлекетинин Кыргызстандагы өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдалла бин Ахмед Аль-Сулейти менен жолукту. Бул тууралуу коргонуу мекемесинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, тараптар негизинен аскердик жана аскер-техникалык кызматташуу боюнча сүйлөшкөн.

Өмүралиев Кыргызстан менен Катардын коргоо ведомстволору даярдаган аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтык боюнча укуктук нормативдик актыларды ишке ашыруу керектигин айткан.

Генштабдын башчысы менен элчи эки өлкөнүн ортосундагы аскердик багыттагы макулдашуунун долбоору тууралуу да сүйлөшүп, куралдуу күчтөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгына токтолушкан. 

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости