www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи май акимиаты райондук МАБдар менен биргеликте көмүр сатып жаткан соода түйүндөрүнүн ишин текшерүүдө.

Шаардык мэрия билдиргендей, адаттагыдай эле күз-кыш мезгилинде көмүрдү саткандарга көмүр баасынын жогорулашына жол бербөө жана көмүр сатуу пункттарынын айланасында тазалыкты сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

“Көмүрдүн жетиштүү запасы бар экендиги аныкталды. Ага карай, бир кап көмүрдүн (Кара-Кече) баасы 170 сомдон 180 сомго чейин, ал эми бир тонна көмүрдүн баасы 3700-3800 сомду түзөт”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, калаанын Биринчи май районунун 800дөн ашык тургуну социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан почта бөлүмдөрү аркылуу 5 миң 700 сомдон көмүр сатып алууга акчалай компенсация алышкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости