www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги  адилеттик үчүн күрөшкөн Нарис Калчаев менен коомчулукта чоң талкууга алынган Ак үйдүн тосмосунун алынышы жана Бабановдун бийликти колго алуу аракети боюнча пикир алыштык.

-Нарис мырза, Ак үйдүн тосмосу алынганы эл менен бийликтин ортосундагы ажырым жок болду дегенден кабар береби?

-Ак үйдү тегеректеген тосмо алынган менен баштагыдай эле Ак үйдүн эшиктери жабык болот да. Мурункудай эле карапайым элди кабыл алуу же болбосо көйгөйүн айтууда көздөп келген кишисине жолугууда көптөгөн маселелер жаралат. Маселен, Өкмөт үйү деле тосмосу жок, бирок эшиктери жабык го. Ак үй деле ошондой эле болот. Тагыраагы, эл өкүлдөрү же болбосо өкмөт мүчөлөрүнө кезигүү, көйгөйдү айтуу карапайым адамдар үчүн тосмону алып кою менен жеңилдете алышпайт. Тосмонун алынышы  бүгүнкү күндүн революциясынын реформасы деп кабыл албашыбыз керек. Эгер тосмо бүгүнкү күндүн революциясы деп түшүнсөк анда жаңылышабыз.

-Бабанов менен Садыр Жапаровдун бириктик дегенинен ким утуп, ким утулду?

-Бабановдун полит технологдору эмнени ойлоп жатканы белгисиз. Бирок, бул биригүү экөөнө тең утуш алып келген жок. Тагыраагы, Бабанов сөзүнө турган жок. Саясаттан кетем дегенден кийин кетиши керек эле. Ал жагдайга жараша чечимдерин өзгөртүп кечөө айтканын бүгүн унутуп коюп, саясат жасайм деп ойлоп атат. Бирок эл анын ким экенин жакшы түшүнгөндөй болду окшойт. Жапаров болсо бул биригүүсү менен ким менен болсо дагы биригип, бийликке барыш керек деген ойду жаратууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости