www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламент комитетинде Бажы кызматы бекитилген планга жетпей жатканы айтылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 16-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин көчмө жыйыны Финансы министрлигинде өттү.
Республикалык бюджеттин параметрлери менен экономика министри Санжар Муканбетов тааныштырды. Жыйында 2020-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси да каралууда. Финансы министри Кыялбек Мукашевдин айтымында, быйыл жалпы республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 137 миллиард 100 миллион сом болууда. Ал тышкы карызды төлөөнүн басымдуу бөлүгү 2025-2030-жылдарга туура келерин билдирди. 2025-жылы 400 миллион доллардай тышкы карыз төлөнөт.
Жыйында Бажы кызматы бекитилген планга жетпей жатканы белгилүү болду. Бажы кызматкерлери Кытай менен чек ара жабык болгондугун себеп катары көрсөттү. Өткөн жылы Кытайдан 36 миң автоунаа кирген болсо, быйыл 10 айда 3000ге жетпеген машина кирген. Пандемия салыктык жана бажылык түшүүлөрдүн көрсөткүчүнө өтө терс таасирин тийгизген. Тармактык комитеттин депутаттары республикалык бюджеттин тартыштыгын жоюу, казына кирешесин көбөйтүү боюнча сунуш-пикирлерин беришти.
Булак: NazarNews.kg