www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков жана Баткен ОИИБинин начальниги, милициянын полковниги Мурат Боронов Тажикстандын Ички иштер министрлигинин Согди облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, милициянын генерал-майору Абдулло Навджувонов жана Исфара РИИБнин башчысы, полковник Фердаус Шамадзаде менен жолугушту.

Маалым болгондой, жолугушуу 9-майда Баткен облусунда өттү.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, тараптар Баткен облусунун чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу, коомдук тартипти жөнгө салуу, укук бузуулардын алдын алуу, мыйзамдуулукту жана тартипти биргеликте сактоо боюнча пикир алышты.

Коомдук тартипти чыңдоо максатында жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын укуктарын урматтоо, укук бузуулардын алдын алуу максатында кыргыз жана тажик милиция кызматкерлеринен патрулдарды уюштуруу боюнча келишимдер түзүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости