www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Ооганстанга күйүүчү май экспорттой баштады

Кыргызстан Ооганстанга күйүүчү-майлоочу май экспорттой баштады, деп билдирди Ооганстандын «Pajhwok Afghan News» маалымат агенттиги.

Ооган трейдерлеринин айтымында, 10 жылдан соң биринчи жолу Кыргызстандан Кундуз провинциясына күйүүчү-майлоочу май импорттолду. Ага байланыштуу май ташыган афгандык соодагерлер бийлик өкүлдөрүнөн имарат бөлүп берүүнү суранып жатышат.

Кундуз провинциясынын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Матин Юсафзай да көп жыл өткөндөн кийин Кыргызстандан күйүүчү-майлоочу май импорттолуп баштаганын тастыктады.

Күйүүчү-майлоочу май Шерхан Бандар порту аркылуу ташылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости