www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадыр Маликовдун аналитикалык борбору кечээ күнү Бишкекте «Ооганстандагы кырдаал менен байланыштуу Борбор Азия мамлекеттериндеги бүгүнкү геосаясий абал» деген эксперттик конференция өткөрдү. Анда чыгып сүйлөгөн Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалат Масадыков – Ооганстан менен Пакистанда 15 жыл жашасам дагы, абал кай жакка өзгөрөөрүн мен так билбейм деп билдирди.

Анын айтымында, «Талибанды» тааныгандан Бишкек азырынча алыс, бирок алар менен сүйлөшүү жүргүзүү керек, анткени талибдерди изоляцияда калтыруу абалды ого бетер начарлатат. Андан тышкары, Масадыков – Ооганстандагы чыныгы абал – аны батыш маалымат каражаттары сүрөттөгөндөн бир топ башка.

Мен өзүм көрдүм, – дейт Масадыков, – бети-башын чүмкөнбөстөн, аялдар Кабулда жоолук гана салынып алып, жанында эркеги жок эле басып жүрөт. Андан да кызыгы – бажыдан түшкөн төлөмдөр көбөйө баштады, демек, коррупция азайды. Масадыковдун бул сөздөрүнөн биз – Кыргызстан «Талибанды» жакында тааныйт деген жыйынтык чыгара алабыз. Москванын пикири дагы дал ошондой.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости