www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Тажикстандан электр энергия сатып ала баштады

Ооганстан менен Өзбекстанга электр энергиясын экспорттоону Тажикстан азайтып, аны Кыргызстанга сата баштады. Бул тууралуу Тажикстандын энергетика тармагындагы маалымат каражаттарында айтылат.

Октябрь айынын башынан тартып Ооганстан менен Өзбекстанга 220-500 киловольттогу жогорку чыңалуудагы чубалгылар аркылуу электр энергиясын жеткирүү токтотулду.

Ооганстан менен Өзбекстан тажик электр энергиясын 110 киловольттогу төмөнкү чыңалуудагы зымдар аркылуу алууда. 3-октябрда Ооганстанга 660 миң киловатт-саат, Өзбекстанга 827 миң кВт-саат экспорттолгон.

Ошону менен бирге Тажикстан Кыргызстанга электр энергиясын сата баштады. Буга Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгы себеп болууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости