www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интернет качан болбосун жок болуп кетиши мүмкүнбү?

Кечээ, 4-октябрда, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө Facebook, Instagram, WhatsApp кызматтары иштебей калып, далайды чуру-чуу салды.

Мунун себебин аталган компаниядагы инженерлер магистралдык маршрутизаторлордун конфигурациясынын бузулушунан улам болгонун айтып чыгышты.

Ушул 7 саатан ашык бузулууда аталган компания 7 миллиард долларга жакын жоготууга учараганы айтылууда. Ушундай масштабдуу көрүнүш 2008-жылы да болгоне, анда бир далай мамлекеттерде интернет бир суткага жакын жок болгон.

Эске сала кетсек, Facebook 2004-жылы ал учурда болгону 19 жаштагы америкалык Марк Цукерберг тарабынан түзүлгөн. Ал эми 2012-жылы бул компания миллиарддаган долларга Instagram социалдык тармагын, андан көп өтпөй 16 миллиард долларга WhatsApp сервисин да сатып алган.

Айтмакчы, кечээки бузулуудан кийин мындан бир айча мурун дал ушу интернет тармагы боюнча Калифорния университетинин окумуштууларынын иликтөөсүндө айтылгандар эске түшөт. Анда магниттик бороон учурунда Күн магниттешкен бөлүкчөлөрдү өтө көп көлөмдө бөлүп чыгаргандан улам Жердин магниттик талаасы бузулуп, электр жана магнит линиялары бузулушу мүмкүн экени, ал эми бул нерсе интернеттин дүйнө жүзү боюнча бир нече айга өчүп калышына алып келиши да ыктымал экени айтылган. Кудай сакта!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости