www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кумтөр кенинин аймагына мыйзамсыз көмүлгөн уулуу калдыктар табылды. Бул тууралуу «Кумтөр голд компанинин» (КГК) маалымат кызматы кабарлайт.

На руднике Кумтор выявлены факты незаконной захоронений токсичных отходов

Мекеме - канадалыктар Кыргызстандын жаратылышты коргоо мыйзамдарын жана эл аралык экологиялык стандарттарды бузганын белгиледи. Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин адистери, тышкы башкарууга алынган КГКнын командасы менен биргеликте калдыктар ташталган бир нече жайды тапкан. 

На руднике Кумтор выявлены факты незаконной захоронений токсичных отходов

«Кумтөр кенинин аймагында таң калтырган фактылар аныкталды. Ар кайсы жерине таңгакталган химиялык реагенттерди, эски дөңгөлөктөрдү, техниканын тетиктерин, жадагалса автоунааны толугу менен көмүп салышкан.

Көптөгөн жылдар бою өндүрүштүк жана күнүмдүк турмушта колдонулган калдыктарды кайра иштетүүнүн ордуна жерге көмүп келишкен. Бул полигондор бир дагы отчётто же документте көрсөтүлгөн эмес. Кызматкерлердин жардамы менен гана табылды. Экологдордун анализи боюнча, мындай калдыктар кендин бүт тарабына көмүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

На руднике Кумтор выявлены факты незаконной захоронений токсичных отходов

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова Centerra жаратылышка жапайы мамиле жасаган деп сыпаттап, мындай иштер үчүн мыйзамда өтө олуттуу айып санкциялары каралганын белгиледи.

«Centerra Кыргызстанда такыр көзөмөлсүз иштеген деп айтсак болот. Себеби көзөмөлдөөчү органдар толтурган актыларында бир-эки күн гана жүргөнүн жазган. Анда да Centerra уруксат берген жерлерди эле көрө алышкан.

На руднике Кумтор выявлены факты незаконной захоронений токсичных отходов

2009-жылкы стратегиялык макулдашуу боюнча Кумтөр улуттук эле эмес, эл аралык экологиялык нормаларды дагы сактоого милдеттенме алган. Эгер Канададагы же батыш өлкөлөрүндөгү кендерден ушинтип көмүлгөн бир эле калдык табылса, экологиялык катастрофа катары кабылданып, бүт дүйнө кен казган компанияны айыптап чыкмак», — деди Кутманова.

Ал эми комитеттин калдыктарды башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси Самат Шатманова эреже боюнча колдонулган металл, материалдар, дөңгөлөктөр кайра иштетүүгө жөнөтүлүшү керектигин айтат.

«Кумтөр кениндеги мыйзамсыз полигон боюнча бардык маалыматтар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жиберилди. Алдыда тергөөнүн Кыргызстандын жарандарына, анын ичинде мурдагы мамлекеттик кызматкерлерге суроо жаралышы мүмкүн. Себеби мындай ишти көрбөй, билбей калуу мүмкүн эмес эле», — деп билдирет КГК.

Ошондой эле, ишкана бүгүнкү күндө «Кумтөр голд компанинин» тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүктүн тапшырмасы менен экология дыкат көзөмөлдөнүп, бардык калдыктар ылганып, кайра иштетүүгө жөнөтүлүп жатканын маалымдады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости