www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн 5-октябрь күнү - мугалимдердин майрамын ким майрамдайт? Албетте, Купешов сыяктуу министрлер, ал эми мугалимдер сабактарын береби же майрамдашабы? Анын үстүнө айлыгы ошол бойдон калып, 1-ноябрдан баштап жол кире көтөрүлөт. Суунун тартыштыгынан жарыкка да тариф кымбаттап, мезгил-мезгили менен свет өчүрүлүп турат деген кеп бар. Анан мугалим байкуш кайсы арына майрамдай алат. Министрдики болсо башка кеп.
Бизге келип түшкөн маалыматтарга ылайык, азыркы билим берүү министри Болот Купешевге кылмыш иши козголгон. Купешев Ак-Суу районунун акими болуп турганда, кызматтык абалынан пайдаланып, өзүнүн орун басарына «Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси» деген наамды ыйгарып койгон жана бул наам үчүн мамлекеттен кошумча акча берилип турган. Тергөөнүн жыйынтыгы менен Купешевдин күнөөсү тастыкталган, бирок Алмазбек Атамбаевдин «любимчигине» айланган Купешов соттолгон эмес - соттун чечими менен кылмыш иши кыскартылып кеткен. Белгилөөчү жагдай - азыркы учурда Купешев өз тегерегине мурда кылмыш ишине тартылган адамдарды кеңешчи кылып дайындап алган.
Купешов министр болгону Кыргызстанда жогорку билим тууралуу дипломдун баркы кетип, билим берүү качантан бери бизнеске айланып, ар бир коммерсант, базаркомдун экиден, ал эми өзүнүн атын да ката жазган депутаттардын үчтөн диплому бар экени бештен белгилүү. Акыркы маалыматтарга караганда, “6 миллион 500 миң эл жапырт диплом алсын” деп Кыргызстанда 76 ЖОЖ иштеп жаткан кези. Алардын ичинен 33ү мамлекеттик жогорку окуу жайы, калган 43 ЖОЖ - жеке менчик. Булардан “терең” билим алып жаткан 219 миң студенттин 12 пайызы бюджетте окуса, 88 пайызы контракттык негизде билим алат.
“Укмуштуунун төөсү жорго” дегендей, пандемияга чейин ЖОЖдордун саны 51 болсо, билим берүү жана илим министрлиги окуу онлайн форматында жүргүзүлүп жаткан мезгилде “күжүрмөндүүлүк” менен иштеп, жыйырмадан ашык жаңы ЖОЖ ачып жиберген.
Маселен, 35 миллион калкы бар Өзбекстанда 80 ЖОЖ бар экени маалым... Эми биздеги билимдин сапаты аман эле болсун. Көбү 500-1000 студенти бар “карлик” университеттер, аларда сабак деле болбойт, кагаз жүзүндө студенттери бар, де-факто окуган эч ким жок. Бирок сессиялар тапшырылып, алтургай мамлекеттик экзамендер “берилип”, фамилиясын туура жазалбаган бүтүрүүчүлөргө дипломдор таратылып жатат. Жыйынтыгында университеттер, өзгөчө сайдын ташындай көбөйгөн жеке менчик окуу жайлар сабатсыз, билимсиз адистерди күргүштөтүп чыгарып жатат.
Бул багытта шашылыш чараларды көрүү зарыл. Министрликтеги ЖОЖ ачканга лицензияларды сатып, чөнтөгүн долларга толтурган коррупциялык схемалар текшерилиши керек.
Болот Купешовдун декларациясы текшерилип, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү, каржылык активдери аныкталып, тапкан кирешелери алган айлыктарына дал келеби, же Кылмыш кодексинин “Мыйзамсыз баюу” беренелери боюнча “кусабы” – аны күч органдарынын тергөө амалдары көрсөтөт. Ансыз деле азыркы министр Болотбек Купешовго кылмыш иши козголгону боюнча каңшаар тарап, элди эки анжы ойго түртүп салды. Министрдин үстүнөн кылмыш иши козголду деген кеп бекер жерден чыккан жок.
Билим жана илим министрлиги Купешовдун үстүнөн кылмыш иши козголгонун четке какты. Бирок эртеби-кечпи мындай олдоксон министрдин үстүнөн кылмыш иши козголору айкын болуп калды. Купешов элди ойлобогон министр экени ушул окуу жылынын алдында билинди. Ага караганда Жанар Акаев менен Абдувахап Нурбаев мугалимдерге акча берели демиш болушту. Купешов Ак-Сууга аким болуп далай жарма чалган. Эми элге карамдуу министр болобу деген ой келген, бирок ал мектепке кирген ар бир окуучудан шаарларда 1000 сом, айыл жеринде 800 сомдон алыш керек деген сунуш кийирип, азыркы бийлик тараптан араң типзгинделип, окуучулар акча төлөбөй турган болду.
Буларга эмне, элден сыгып ала берсе чыгат деп отурушат. 800 сом деген айыл жеринде чоң эле акча, бир үйдөн бир бала болсо бир жөн. Көп балалуу ата-энелер кантмек эле? Кыргызстандагы мектептерде жалпысынан 2 миң мугалим жетишпей турганы кабарланган. Мынча мугалим жетишпесе да мектептер адаттагыдай иштей берет. Министрликке эмне шам, мугалимдер жетишеби же жетишпейби, ага окуучулардан акча чогултуш гана керек.
Министрдин тилеги таш каап, мектеп акысыз болот, бирок бары эле арзанбы? Окуучулардан 1000 сомдон чогулта койом деген министр Купешовдун тилегени таш капкан. Окуучуларга керек нерселер эле кымбаттап эсти оодарып турса, анан министр да алка-жакадан алса. 15-сентябрдан баштап жаңы окуу жылы башталды, окуучулардын кубанычы чексиз, базарды көргөн ата-энелердин үшкүрүгү таш жарат. Анткени пандемия бул жерге да өз изин салган. Мектепке тиешелүү бардык буюм-тайымдардын наркы жогорулаптыр. Буга ушул тармакты жетектеген өкмөт жетекчисинин орун басары Жылдыз Бакашова кандай көз карашта экени белгисиз. Былтыр 1000 сомдон турган балдар бут кийими 1200-1300 сомго чыгыптыр. Бантик, галстуктар былтыр 80 сомдон болсо, быйыл 100 сом. Борбордук базарга баргандардын төбө чачы тик турат:
Спорттук кийим - 1000 сом;
Дептер - 5 сом;
24 барактуу калың дептер – 20 сом;
36 барактуу калың дептер – 25 сом;
48 барактуу калың дептер – 35 сом;
96 барактуу калың дептер – 45 сом;
Түстүү карандаш - 90 сом.
Азыр товарлар да «бай-кедей» болуп, байлар ала турган сапаттуу буюмдар кымбат, кедейлер ала турган товарлар арзан болуп турат:
Ручка - 9-50 сомго чейин;
Карандаш - 5-25 сомго чейин;
Түстүү карандаш - 50-350 сомго чейин;
Боёктор - 40-250 сомго чейин;
Маркер - 50-350 сомго чейин;
Дептер - 5-6 сомго чейин;
Жалпы дептер – 20-70 сомго чейин;
Сабактардын аты түшүрүлгөн дептерлердин тобу (10) – 250-500 сомго чейин;
Күндөлүк - 30-350 сомго чейин;
Пластилин — 60-250 сомго чейин;
Түстүү кагаз— 35-180 сомго чейин;
Сызгыч - 20-150 сомго чейин;
Предметтик китептер - 200-500 сомго чейин;
Сумка – 800-3500 сомго чейин, былтыркы жылы 500 сомдон башталчу.
Быйылкы окуу жылында канцтоварларды эң арзан дегенде 1300-2000 сомго аласыз.
Быйыл Билим жана илим министрлиги мектеп формасына болгон катуу талапты жокко чыгарды. Жок дегенде ушунусуна шүгүр. Азыр үстү жагы агыш, алды жак кара кийим болуш керек.
6-9 жашар баланын кийиминин баасы:
Көйнөк – 350-700 сом;
Шым - 600-1200 сом;
Жинсы -700-800 сом;
Кыздардын көйнөгү - 400 сомдон өйдө;
Юбка - 500 сомдон өйдө;
Сарафан - 600 сомдон өйдө;
Спорттук костюм - 1000-1500 сом;
Бут кийимдер - 900 сомдон өйдө, былтыр 600 сом болгон.
Спорттук бут кийим - 700-2500 сом.
Бир баланы окууга жөнөтүү үчүн орто эсеп менен 10 миң сом жумшалат. Дагы жакшы мунун үстүнө министр талап кылган миң сомду кошсок, ата-энелердин көздөрүнөн жаш эмес, кан чыкмак. Аны бийлик тарап алдырып салганы дурус болду.
Окуучулар мектепке кызуу даярданып жаткан убакта депутаттар Абдывахап Нурбаев менен Жанарбек Акаев “Мугалимдин макамы тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштаган. Документ Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга чыгарылды. Мыйзам долбооруна ылайык, республикалык же эл аралык олимпиадаларда жеңишке жеткен окуучуну даярдаган мугалимдерге үч айлык маянасы өлчөмүндө сый акы берилет.
Мындан тышкары жалпы билим берүү мектептеринде 10 жылдан кем эмес иштеген мугалимге 1 миллион сом (10 миң эсептик көрсөткүч же 12 миң доллар) өлчөмүндө бир жолку сый акы төлөп берүү сунушталууда. Документте сый акы берүүнүн тартиби министрлер кабинетинин чечими менен аныктала турганы белгиленген.
Демилгечилер сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун кабыл алынышы мектептердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, мугалимдерге турак-жай маселесин чечип алууга жардам берет деп эсептешүүдө.
Быйылкы күз миллиондон ашкан жаш муундарга тарбия берип жаткан мектеп директорлору үчүн кубанычтуу. Бул жаңы окуу жылында ар бир ата-эне окуучуга шаарларда 1000 сом, айыл жеринде 800 сомдон төлөп турууга милдеттүү деп министр айткан. Бирок, өкмөт ага каршы чыккан. Анткени андан тышкары ата-эне китептин арендасына жана башка күнүмдүк керектөөлөргө убап-чубап төлөй берет. Президент шайлангандан бери дарыгерлердин айлык акысы эки ирет көтөрүлүп, ал эми агай-эжейлердин айлыгын көтөрө албай жүрөт. Мектеп мугалимдеринин эмгек акысын жогорулатуу тууралуу маселе козголо да элек. Депутаттар мугалимдерге сый акы берип туруу үчүн демилге көтөрө башташты.
Быйыл билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирген - тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.
"Окуу жылынын башталышын 15 күнгө жылдыруу чечими билим берүүнүн сапатын камсыздоо үчүн жана өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга ылайык офлайн режиминде билим алууга акырындык менен өтүү максатында кабыл алынды.
Билим берүүнүн бардык баскычтарындагы билим берүү мекемелеринде окуу жылынын башталышын кийинкиге жылдыруу жайкы туристтик сезондун узартылышына да салым кошот, бул туризм секторун калыбына келтирүүгө жана андан ары өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми токтомдун кабыл алынышы билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысына, ошондой эле окуу процессине таасирин тийгизбей турганы айтылды.
Мектеп акыркы ирет Кыргызстан эгемендүүлүк алган соң реформаланган. Бирок жакшы жагына эмес жаман жагына. Анткени социалисттик идеология келечек балдардын өсүшүнө кам көрүп, мектепти өз колтугунда эркелетип, камкордукка алган. Улуу Ата-Мекендик согуш учурунда КПСС БКнын биринчи секретары Иосиф Виссарионович Сталин мугалимдерди тамак-аш, ун жана ишине керектүү кагаз, сыя, калем сап менен камсыз кылып турса, бул адат уланып, согуш бүткөн соң мамлекет башчылары мугалимдердин отунун түшүрүп берип, электр энергиясын бекер кылышкан. Азыркы электр энергиянын наркы тапкан ташыгандын көп бөлүгүн ээлеп турганда, мындай камкордук мугалимдерди “Ардактуу кесип” деген наамга жеткизген.
Кыргызстанда билим берүү тармагы он тогузунчу кылымдын аягында жандана баштайт. Ага туташ сабаттуулукту жоюу жок болгон, бир аймактагы бирин-экин медреселерде математика, географиядан башка диний багыттагы сабактар араб тилинде окутулган.
Кыргызстан эгемендүүлүктү алган соң каат мезгил башталды. Мектепке бөлүнө турган кошумча сабактар кыскарды, окуучулардын келечеги үчүн, билиминин тереңдеши үчүн өткөрүлө турган ийримдер, факультативдик сабактар, кээ бир шарты болуп окубай калгандарга билим бере турган кечки (вечерний) билим берүүгө бериле турган акча каражаттары кан буугандай токтоп, мугалимдер “ийне жоголду”деп гана отуруп калышты.
1992-жылы болгон гиперинфляция байыгандарды ого бетер байытты, жалгыз айлыгынын көзүн күн көрүп келатышкан мугалимдерди жакырлыктын сазына тыкты. Гиперинфляцияга байланыштуу мугалимдердин айлыгы мезгил-мезгил менен көтөрүлүп турган. Бирок айдан айга айлык алгыча кымбаттоо өсүп, анын үстунө айлык кармалып өз убагында берилбей, мугалимдер ошол гиперинфляциядан аябай жапа чеккен.
Мамлекеттик бюджеттен мугалимдердин айлыгы гана берилип, калган мектепке бөлүнө турган акча каражатынан ремонтко гана акча каралып, ал толугу менен берилбегендиктен, мектеп окуучулардын ата-энесинен материалдык жардам алуу үчүн фонддорду уюштурууга аргасыз болгон.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg