www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Педагог өлкөнүн тиреги экенин, аларсыз туруктуу коомду, демократиялык мамлекетти курууга мүмкүн эместигин жакшы түшүнүшүбүз кажет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, мугалимдер жана билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоосунда билдирди.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы Жапаров бүгүнкү күндө билим берүү дүйнө жүзүндөгү коомчулуктун өнүгүүсүндөгү эң негизги көрсөткүчтөрдүн жана приоритеттүү багыттардын бири деп белгилегенин айткан.

«Заманбап билим берүү - бул жөн гана билим топтоо эмес, бул окуучулардын аналитикалык жөндөмдүүлүгүн жана сынчыл ой жүгүртүүсүн өркүндөтүү, өзүнө жоопкерчилик алууга даярдоо экендигине ынандым.

Мындай жөндөмдүүлүктүн баарын балдарыбызга мугалимдер үйрөтөт. Мына ошондуктан ар бирибиз - педагог бул өлкөнүн тиреги экенин, аларсыз туруктуу коом жана демократиялык мамлекетти курууга мүмкүн эместигин жакшы түшүнүшүбүз кажет», — деген мамлекет башчы.

Жапаров бүгүнкү күндө билим берүү кызматкерлерин колдоо жана билимдин кадыр-баркын көтөрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыты болуп саналаарын баса белгилеген.

«Өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн иш жүзүндө мугалимдерибиздин жогорку статуска жетишине кам көрүшүбүз зарыл. Биз мугалимдик кесиптин кадыр-баркын арттырууга ниеттенип жатабыз.

Кыргызстан элинин сабаттуу болушун, жаштарыбыздын сапаттуу билим менен камсыздалышын кааласак, билим берүү кызматкерлеринин — мугалимдердин эмгегине көңүл бурууга мезгил келип жетти. Себеби, эртеңки келечегибиз мугалимдер окутуп жаткан балдарга байланыштуу», — деген ал.

Президент эң заманбап делген маалыматтык технологиялар да мугалим менен болгон байланышты алмаштыра албастыгын төмөнкүчө айткан: «Учурда биз динамикалык мезгилде жашап жатабыз: илим өнүгүүдө, методдор өркүндөтүлүүдө, билим берүүнүн мазмуну жаңыланууда. Ошентсе да, эң заманбап делген маалыматтык технологиялар дагы эч убакта мугалим менен болгон байланышты алмаштыра албайт.

Сиздердин ары түйшүктүү эмгегиңиздер берилгендикти, жан дүйнө асылдыгын, чыдамдуулукту жана балдарга болгон чексиз сүйүүнү талап кылат. Биздин мугалимдер өлкөнүн келечеги болгон жаш муунду элибиздин каада-салтына, руханий дөөлөттөрүнө таянып тарбиялашат.

Окуучуларын билим чокусуна эле жетелебестен, инсандык сапаттарын калыптандырып, чыныгы мекенчил уул-кыздарды да өстүрүп чыгарышат», — дейт Жапаров.

Ал агартуучулардын жогорку кесипкөйлүгү жана ак кызматы үчүн терең ыраазычылык билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости