www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылы Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетине (КЭУ) 36 жаштагы Кадыралиев Алмаз Токтобекович ректор шайланды деген маалымат тараган.

«Таланттуу жаштарга орун берилип жаткан турбайбы» деп бул окуяны биз деле эл катары кабыл алганбыз. Камчыбеков Төлөбек Кадыралиевич бул окуу жайды 24 жыл армансыз эле жетектеди да.

Тилекке каршы, Т.Камчыбеков бул мамлекеттик окуу жайды менчигиндей эле көрүп, монархтай болуп, өзүнүн иниси Токтобектин баласы Алмазга өткөрүп берип, өзүн болсо унверситеттин масштабындагы Ли Куан Ю элестетип, «ректордун кеңешчиси» деген кызматка дайындалып алыптыр.

 Ал кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы Кантөрө Токтоматов Төлөбек Камчыбеков менен улуттук университеттин экономфагында бирге иштеп, шилекей алышкан достордон деп айтылгандыктан, элдин баары Т.Камчыбековго жүгүнүп, кошомат кылып калышкан.

Төкөң да андай учурду куру кетирбей, «колдон келип турганда» деп ректорлукту инисине «мурас» кылып өткөрүп берип жатпайбы... Ой-бой, бу тууганчылык деген ит оору качан калат, ыя?

Мыйзам менен жашайбызбы, же бөдөнөнү бөлө, таранчыны таяке кылып, тууган издеп, талаалап жүрө беребизби? Мураскерликке өтө турган болсок, мынча болду Ж.Баласагын атындагы КУУну бийлеп жаткан ректор Канат Садыковго, ОшМУну сабатсыздыгы жакшы жоюлбаган ректор Кудайберди Кожобековго менчиктештирип берип салбайлыбы, туугандар, кандай дейсиңер? Өзүбүздүн балдар эмеспи, анда, колдосо колдоп коёлу! - деп жазат Азия News гезити.

Булак: Азия News гезити

Последние новости