www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абакта жазасын өтөп жаткан жарандар ишкерлерден ири суммадагы акча доолап, опузалап келген. Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын маалыматы боюнча, шектүүлөр ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары турган.

«2020-жылдын күз айларында белгисиз адамдар товарларды ташуу жана жеткирүү менен алектенген ишкерге телефон чалып, коркутуу жолу менен акча каражатын талап кылганы аныкталган.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин ишкерге өзүн криминалдык чөйрөнүн өкүлү катары тааныштырган адам жолугуп, акча каражатын жана товарын тартып алган. Ишкерге жалпы суммасы 420 миң сомдук материалдык чыгым келтирилген.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (опузалап талап кылуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө баштаган», - деп айтылат маалыматта.

3-башкармалыктын кызматкерлери ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүп, шектүүлөрдүн бири — Ысык-Ата районунда жашаган 1989-жылы туулган С.Б. Талас облусунан кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүү мурда Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренесинин негизинде сот жообуна тартылган жана ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат.

«Кылмышкерлер ишкерлерден кирешесинин бир бөлүгүн дайыма берип турууну талап кылышкан», - деп айтылат расмий маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости