www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан өндүргөн алтынын Индияга сатууну көздөйт

Кыргызстан өндүргөн алтынын Индияга сатууну сунуштады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Мумбайда Өнөр жайчылар ассоциациясы тарабынан уюштурулган Speed Networking бизнес-форуму өтүп, ага Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев, Мумбайдагы 60тан ашуун алдыңкы компаниялардын өкүлдөрү, ошондой эле, бир катар чет мамлекеттердин башкы консулдары жана соода өкүлдөрү катышкан.

Пленардык отурумдан кийин элчи ар кандай сектордогу алдыңкы компаниялар менен сүйлөшүп, конкреттүү макулдашууларга жетишкен. Анын алкагында зер буюмдарын жасоо үчүн Кыргызстандан Индияга алтын сатуу талкууланган. Аны менен катар өлкөдө өндүрүлгөн пайдалуу кендерди экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү да каралган.

Мындан сырткары, жыл сайын 100 тоннага чейин кургатылган жемиш жана 400 тоннага чейин асафетида жемиштерин жеткирүү боюнча сүйлөшүлгөнү айтылды.

Эске салсак, май айында өкмөт Кумтөр кенине убактылуу тышкы башкаруу киргизип, жетекчилигине Теңиз Бөлтүрүктү дайындаган. Ошондон бери кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold компаниясы соттошуга даярданып жатат.

Ал эми 19-сентябрда Лондондогу Баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы "Кыргызалтын" ишканасын ишенимдүү жеткирүүчү компаниялардын тизмесинен чыгарган. Экономика жана финансы министри буга комментарий берип, алтын сатуунун жаңы каналдарын ачуунун үстүндө иштеп жатканын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости