www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн кечинде: Айсулуудан алтын!

Учурда Норвегиянын Осло шаарында эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионаты кызуусуна кирип, кыйындын кыйындары аныкталып барат. Дүйнө таажысы үчүн мелдеш 10-октябрга чейин уланат.

Мында баарыбызды күттүрүп жаткан кабар - учурдагы дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова башкы наам үчүн бүгүн кечинде килемге чыгат. Анын атаандашы да оңой жоо эмес. АКШлык балбан, Панамерикалык чемпионаттын жылдызы делген Кайла Миракл.

Эскерте кетсек, Айсулуу буга чейин ааламдагы эң күчтүү делген балбандар Нонока Озакинини (Япония) жарым чейрек финалда, Вероника Иванованы (Беларусь) чейрек финалда, Илона Прокопевнюкту (Украина) жарым финалда кырчылдашкан тиреште утуп чыккан.

Балбан кызыбыз бүгүн кечинде дагы бир ириет аалам мыктысы аталып, алтын титулдун ээси болсун деп тилейли!

Кенжебек Арыкбаев, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости