www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Улуу жана Кичи Памирде (Ооганстан) жашаган кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлайт.

Белгилүү болгондой, памирлик кыргыздар бийик тоолуу катаал табигый климаттык шартта жашайт жана кышкы суук бул жерге дээрлик эрте түшөт.

Памирлик кыргыздар үчүн 55 тонна ун, 14 тонна күрүч, 7 тонна макарон, 4000 литр өсүмдүк майы, 5 тонна туз, 10 тонна кумшекер сатылып алынган, бул аларга үстүбүздөгү жылдын кыш мезгилинде азык-түлүк менен толук камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Азыркы учурда гуманитардык жүк белгиленген жерге жеткирилип, памирлик кыргыздарга бөлүштүрүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости