www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы убакта Бишкек шаарынын бир катар ири көчөлөрү оңдолуп, калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүп жаткан маал. Быйыл эле ордо калаанын 41 көчөсүн оңдоо пландалган. Анын ичинен 14 көчө толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Азыркы учурда 27 көчөнү калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын адиси Айдар Апсиметовдун айтымында, калаанын көчөлөрүн өнүктүрүү долбоорунун алкагында ушул айда дагы онго жакын көчө шаардыктарга пайдаланууга берилет.

«Жыл аягына чейин 8 көчөнү бүткөрөбүз. Ал эми дагы 19 көчө 2022-жылы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлмөкчү. Түштүк магистралды батышты көздөй узартып, Алыкулов көчөсүнө чейин кошобуз. Андан тышкары, Сухэ-Батор көчөсү да кеңейтилип, чоң жол салынат. Көпүрө курулат. Бул жолдун баары Кытай грантынын эсебинен салынып жатат. Бишкектин жалпысынан 60 көчөсү калыбына келтирилет.

Жолдун сапаты талапка жооп берет. Эгер жооп бербесе, жолду куруп жаткан компания өз каражатынан кайрадан куруп чыгат. Бул мыйзамда белгиленген.  

Башынан аягына чейин биз жана атайын комиссия көзөмөлгө алып турат. Мыйзамга ылайык, курулуп бүткөн жолго 3 жылдан 5 жылга чейин сапатын жоготпойт деген кепилдик берилет. Эгер бул мөөнөттө жолдун сапаты боюнча маселе жаралса, жолду оңдогон компания өз эсебинен кайрадан оңдоп чыгат», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости