www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмоктогу медицина борборунда акча кымырылганы кабарланат

Токмок шаарынын прокуратурасы Жалпы медициналык практика борборунда акча кымырылганы аныкталганын билдирет.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жасалма документтер аркылуу коротулган каражаттан улам мамлекетке 2 миллион 502 миң 885 сом зыян келтирилген.

Текшерүүнүн баштапкы жыйынтыгы боюнча, борбордун кызмат адамдары айрым кызматкерлерге жасалма келишим аркылуу акы төлөп, кээ бир материалдарды алууда жасалма документ түзгөн.

Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") сотко чейинки өндүрүш башталды.

Бул медициналык мекеме мурда Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жана шаардын аймактык ооруканасы болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости