www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ормон-хандын убагында шайлоо болгон эмес. Орустар келгенден баштап болушка үч жылда бир шайлоо болуп турган. Советтик шайлоо системасы боюнча бийлик эч атаандашы жок, жалгыз адамды депутат катары көрсөтө турган. Каалайсызбы, каалабайсызбы бийлик каалаган адамды депутат кылып шайлоого шайлоочулар милдеттүү эле.

1989-жылы СССР Жогорку Советине жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советине атаандаш шайлоо тутуму кирет. 1991-жылдан Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алат. Ал кездеги президент Аскар Акаевдин убагында 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Конституция боюнча парламентке шайлоо мажоритардуу, же бир мандаттуу округдардан шайлоо башталат. Кийин, Констимтуция өзгөртүлгөндөн соң, эки палаталуу - Мыйзам чыгаруучу жыйынга 35 депутат, ал эми Эл өкүлдөр жыйынына 70 - бардыгы 105 депутат шайланат.

Конституция референдум аркылуу дагы ббир жолу өзгөртүлүп, 2005-жылы бир палаталуу парламентке 70 депутат шайланат. Ушул шайлоодо коптөгөн мыйзам бузуу болгондуктан, Аскар Акаев бийлиги менен коштошот. 2007-жылы кайрадан Конституция алмашып, 90 депутат партиялык тизме менен келет, анын 71и мамлекет башынданы Бакиевдин «Ак Жол» партиясындагылар эле. 2010-жылы Текебаев түзгөн Конституция боюнча 120 депутат болуп көбөйүп, партиялык тизме боюнча шайланат.

2010-жылдын октябрында Атамбаевдин СДПК партиясы экинчи орунду алса да, СДПК мүчөсү Роза Отунбаева мамлекет башында тургандыктан, коалиция түзүлөт. 2015-жылы мамлекет башындагы Атамбаевдин жакындары СДПК менен «Кыргызстан» партиялары чогулуп парламентке келген. 2020-жылдын 4-октябрында ушундай эле шайлоонун негизинде мамлекет башында турган Жээнбеков бийлигин тапшырууга мажбур болгон.

Азыркы шайлоодо административдик ресурс таптакыр колдонулбасы түшүнүктүү болду. Анткени, ким кызматта туруп, кайсы бир партияга же талапкерге иштесе, дароо кызматтан алынып, жоопко тартылышы мүмкүн. Ошого жараша шайлоочулар дагы добушун сатпашы керек. Бул жолу шайлоочуларга парламентти люстрациядан өткөрүүгө шарт түзүлдү. 36 депутатты бир мандаттуу чөлкөмдөрдөн шайлоочулар түздөн-түз өкүл катары  шайлап алат.

Андан сырткары, 54 депутат партиялык тизме менен шайланат. Мурдагыдай партияга эле добуш берип коюу болбойт. Партиянын ичинен шайлоочулар өздөрүнө жаккан талапкерге дагы добуш берет.Тагыраагы, партиялык бюллетенге эки белги коюлат. Партияга жана анын ичиндеги шайлоочулар өздөрүнө жаккан бир талапкерге добуш бере алат. Мейли миллиардер болсун же кудай болсун, эл колдобосо депутат болушпайт. Мына эми парламентке чыныгы элдин колдоосун алган депутаттар келет. Мына ушундай жол менен парламентти жалпы шайлоочулар добуш берүү жолу менен люстрация кылып берет.

Ал эми эскилер кайра келе жатышат деп чуу салып жаткандарды түшүнсө болот – каалабаган талапкерге добуш бербей коюшса, ал келбейт. Мурдагыдай “биринчи ондукка кирип алсам, депутат болом” деген заман жок. Ал заман артта калды. Азыр тизмеде канчанчы болуп туруш маанилүү эмес. Тизмеде 54-болуп туруп көп добуш алса, биринчи болуп келе берет.

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости