www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдө 700 миллион киши жакырчылыкта жашап жатат. Бул тууралуу Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) башкы директору Гай Райдер билдиргенин РИА-Новости агенттиги жазды.

“Ушул күндө дүйнөдө 200 миллион адам жумушсуз. 700 миллион адам жетишпеген турмушта жашап жатат”, - деди Райдер Ташкентте өтүп жаткан жыйындын ачылышында сүйлөп жатып. Анын айтымында, Евробиримдиктин өлкөлөрүндө 20% калкты жакырчылык жана “коомдогу өгөйлөнүү” тобокелдиги күтүп турат.

Гай Райдер эмгек рыногу жаңы моделдерди иштеп чыгууну талап кыларын билдирди. Социалдык коргоо жана татыктуу эмгек менен камсыздоо үчүн жаңы стандарттар керек экенин белгиледи.

“Бизди ишти эмес, адамгерчиликти жана ар-намысты жоготуу коркунучу тооруп турат”, - деди ЭЭУнун жетекчиси. Анын пикиринде, коом илимдин жана инновациянын жетишкендигин эмгек рыногунда татыктуу колдоно албайт деген кооптонуу бар.

14-декабрда Ташкентте “Болочок эмгек рыногу: иш менен татыктуу камсыздоо” жыйыны өттү. Ага жүздөй өлкөнүн өкүлдөрү катышты.

Гай Райдер Өзбекстанга бейшемби күнү келген. Ал жыйындын алдында өзбек өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Улуттук статистика комитети 2017-жылы Кыргызстанда 1 миллион 601 миң киши жакырчылык чегинде жашарын аныктаган. Алардын 72 пайызы аймактардын тургундары.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости