www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 19-20-ноябрь күндөрү качкындарды кабыл алуу боюнча Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун атайын машыгуулары өткөрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын машыгуу өлкө аймагында качкындарды кабыл алуу, жайгаштыруу жана ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү даярдоо боюнча чараларды ишке ашырууга байланышкан маселелер ырааттуу окутулат.
Анда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жаңы-Жер айылында, Баткен облусунун Лейлек районундагы Маргун айылында жана Ош облусунун Алай районундагы Бор-Дөбө айылында үч чатыр шаарчасы жайгаштырылып, ага 3000ден ашуун качкынды кабыл алуу боюнча практикалык иш-чаралар өткөрүлөт.
Анын жүрүшүндө качкындарды тосуп алуу жана коштоо, ошондой эле аларды каттоо, фильтрациялоо пунктунан өткөрүү иштери жасалат.
Машыгууга президенттин Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери жана Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү катыша турганы айтылды.
Качкындарды кабыл алуу боюнча бардык практикалык аракеттер жана элементтер Бишкек шаарында ӨКМдин имаратында жайгашкан Республикалык штабдын жетекчилигине онлайн түрүндө көрсөтүлөт.
Булак: NazarNews.kg