www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда бензин жыл башынан бери 41%га кымбаттаган

Быйыл январь-май айларында Кыргызстанда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 41%га кымбаттаган. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, АИ-92 бензиндин баасы 35,7 сомдон 50,4 сомго чейин көтөрүлгөн. Ал эми дизель майы 36,1 сомдон 46,1 сомго чейин кымбаттаган.

Күйүүчү майдын баасынын жогорулашы жыл башынан тарта мунай жана мунайзаттарына болгон суроо-талаптын артышына байланыштуу болууда. Маселен, Орусиянын заводдорунда АИ-92 бензининин сатык баасы 360тан 670 долларга, дизель майы 400дөн 600 долларга чейин кымбаттаган.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери Кыргызстанга сырттан 336,7 миң тонна бензин жана 221 миң тонна дизель майы ташылып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости