www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда COVID-19га каршы ревакцинация башталды

Кыргызстандыктар COVID-19га каршы вакцинанын кошумча (үчүнчү) дозасын бүгүн, 17-ноябрдан тарта Бишкек шаарындагы бардык убактылуу эмдөө пункттарынан ала алат, ал эми калган аймактарда ​​ үчүнчү кошумча доза менен эмдөө бир жуманын ичинде жеткиликтүү болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Кимдер кошумча (үчүнчү) дозаны ала алат?

- орточо жана оор иммундук жетишсиздик менен жабыркагандар;

- 60 жаштан жогорку адамдар, мурда Sinofarm, Sinovac жана башка инактивдештирилген вакциналарды алгандар;

- коронавирус инфекциясын жуктуруп алуу жана башка адамдарга жуктуруу коркунучу өтө жогору медициналык кызматкерлер;

- COVID-19 менен ооруп айыккандар (анын ичинде мурда эмделген адамдар).

Кошумча доза жарандардын алгачкы 3 категориясына эмдөөдөн өткөндөн кийин 6 айдан эрте эмес мөөнөттө алуу сунушталат. Ал эми COVID-19 менен ооругандарга айыккандан бир айдан кийин эмделүү сунушталат.

Сезондук сасык тумоого, В вирустук гепатитине каршы активдештирилген вакциналар менен COVID-19га каршы вакциналардын ортосу 7 күн болушу зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости