www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Сууда туулган күнгө барган 30га жакын адам тамакка ууланып, алардын экөө каза болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Мамирасул Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, Нариман айылынын тургуну З.И. аттуу аял киши 6-март күнү 60 жылдык мааракесин белгилөө үчүн досторун жана туугандарын үйүнө чакырган.

--"Чогулгандар салат жана палоо жеп, үй шартында жасалган компот ичишкен. Уулануунун биринчи белгилери эртеси байкалган. Бирок алар ооруканага кайрылбастан үйдө дары ичип коюп жүрө беришкен. 9-март күнү туулган күн ээси Нариман айылындагы ооруканага баргандан кийин ууланганы билинип диагноз коюлган. Ошондон кийин башкалар дагы ооруканага кайрылышкан", — деди Өмүрзаков.

Жабыркагандар ооруканага кеч кайрылгандыктан алардын экөө каза болуп калган.

"Кара-Суу районунун Нариман айылындагы ооруканада жаткан 50 жаштагы аял 10-март күнү каза болуп калды. Ал туулган күн өткөргөн аялдын келини болгон. Уулангандардын дагы бири Ош шаардык ооруканасында бүгүн көз жумду. Алар ооруканага кеч кайрылгандыктан дарты өтүшүп кеткен. Учурда 8 адам Кара-Суу районундагы, бир адам Нариман айылындагы ооруканада дарыланып жатат. Алардын абалы орточо оор деп бааланууда. Мындан башка 14 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө", — деди башкы дарыгердин орун басары.

Тамак-аштын калдыгы калбагандыктан анализдер ууланган адамдардын канынан жана заарасынан алынганы айтылды. Атайын түзүлгөн комиссия туулган күн ээсинин үйүндөгү компотторду жок кылышкан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости