www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 20-ноябрга карата коронавирус дагы 53 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 16, Чүй облусунда – 10, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 5 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 80 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 512 бейтап, амбулатордук түрдө 647 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 780 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 369 киши айыгып чыкса, 2 миң 720 адам каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости