www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 22-сентябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына жана акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган Дүйнө эпосторунун эл аралык VI фестивалы башталды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Фестиваль улуттук аң-сезимди чыңдоо, эпикалык мурастарды глобалдык деңгээлде алып чыгуу жана жандандыруу максатында иштелип чыккан жана президенттин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашырууга багытталган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова «Манас» эпосу дүйнөлүк маданиятта: илим, искусство, адабият» аттуу тегерек үстөлдө сөз сүйлөдү. Ал иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, улуттук маданиятты, салттуу жана жалпы адамзаттык руханий-нравалык баалуулуктарды сактоо зарылчылыгын белгиледи.

«Ааламдашуу агымы көптөгөн баалуулуктарды четке кагуу менен бир катар улуттардын жок болуп кетүү коркунучунда турган учурда, азыркы муундун асыл милдеттеринин бири улуттук өзгөчөлүктү сактоо жана аны колдоого алуу болуп саналат», - деди Жылдыз Бакашова.

Фестиваль эки компоненттен турат. Биринчи бөлүктө «Дүйнө элдеринин эпикалык салттары: мифологиялык семантиканы жана типологияны изилдөө аспектилери» аттуу илимий-практикалык симпозиум өткөрүлүп, анын натыйжасында дүйнө элдеринин эпикалык салттары кеңири талкууланмакчы, жыйынтыгында катышуучулар тарабынан резолюция кабыл алынат, ошондой эле «Манас» эпосу дүйнөлүк маданиятта: илим, искусство, адабият» аттуу тегерек үстөлү өтөт.

Экинчи компоненттин алкагында «Кыргыз Көчү» этнографиялык айылында «Мыкты боз үй», «Мыкты Семетейчи» жана дизайнерлер арасында «Саркеч көчмөн» сынагы өтөт.

Фестиваль 2021-жылдын 25-сентябрына чейин созулат жана концерттер жана улуттук оюндар менен коштолот. Иш-чарага дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүнүн өкүлдөрү катышууда.

Эске салсак, Эл аралык фестиваль 2006-жылы дүйнөлүк оозеки мурасты сактоонун инновациялык ыкмаларынын бири катары башталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости