www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда эки айга жеткидей эле ундун кору калды

Кыргызстанда эки айга жеткидей ундун кору бар. Бул тууралуу Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Рустам Жунушов бүгүн, 13-январда өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Ал буга чейин түзүлгөн келишимдерге ылайык Орусиядан буудай алынып жатканын айтты.

Казакстан чек арасын жапкан учурда өлкөдө өндүрүлгөн унду мыйзамсыз ташууга тыюу салуу аркылуу жана Орусиядан келген буудайдын эсебинен элди ун менен камсыз кылууга болорун билдирди. Жунушов ундун баасы көтөрүлбөгөнүн, Талас облусунда гана бир аз кымбаттаганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кыргызстан ундун басымдуу бөлүгүн Казакстан менен Өзбекстандан алат.

Эске салсак, министрлер кабинети азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу үчүн буудайды сыртка экспорттоого тыюу салып, өлкөгө буудай жана ун ташып кирүүгө кошумча нарк салыгын убактылуу алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости