www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы тапта Баткен облусунда коронавирус илдетине чалдыккан 13 учур аныкталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 6 адам Кадамжай районунда, 4 адам Баткен районунда, 3 адам Кызыл-Кыя шаарында аныкталды. Өткөн дем алыш күндөрү Кызыл-Кыяда жаңы учур катталды. Буга чейин вирус жуктурган 2 адам ооруканадан чыгарылган.

Илдет жаңы табылган 61 жаштагы бейтапты шаардык оорукананын инфекциялык бөлүмүнө 30-апрелде жеткиришкен. Алыс унаа менен чет өлкөлөргө каттап иштей тургандыгы такталды. Бул тууралуу журналисттер билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 29-апрелде «Кызыл-Кыя» чек ара пункту аркылуу Өзбекстандан келген. Келе жатканда андан ПЦР анализ алынып, ал ошол жакта 1 күн кармалган. Анализинде вирус бар экени такталгандан кийин "Тез жардам" унаасы менен Кыргызстандын чек арасына алып келинип, аны чек арада кызмат өтөгөн мобилдик топ тосуп алган.

Кыргызстанда андан кайрадан ПЦР анализ алынып, илдет бар экендиги такталган. 61 жаштагы бул адам Кызыл-Кыяда жубайы жана 15 жаштагы небереси менен жашайт. Аны менен байланышта болгондордун арасында баласынан сырткары ноокаттык, лейлектик, оштук, жалал-абаддык 19 айдоочу болгон (жалпы 36 адам). Алардын бир тобу обсервацияга жаткырылганы маалым болду. 2 адам үй-бүлөсү менен жана 3 чек арачы үй карантинде кармалып жатканы айтылды.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости