www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин айрым мекендештерибиз тарабынан коронавирус бар экенине ишенбөөчүлүк айтылып, каза болгон бейтаптар тууралуу да маалымат ачык берилбейт деген сындар болгон.
Кечээ, 3-май күнү Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын социалдык баракчасы илдеттен көз жумган №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери тууралуу маалымат берип, жакындарына көңүл айткан.
“Шаардык саламаттыкты сактоо бөлүмү Бишкектеги №3 медициналык борбордун дарыгери Жүзүм Асановна Кокумбаеванын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
“1-май бардык медициналык кызматкерлер үчүн эң оор күн болду. Биздин кесиптешибиз Кокумбаева Жүзүм Асановна дүйнө салды. 24-мартта ал жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылып, ПЦР анализдери анын илдетке чалдыкканын көрсөткөн. Бүгүн биз Жүзүм Асановнанын балдарыбы жана жакындары менен кайгыруудабыз. Кайгы жана күйүт жүрөгүбүздөн орун алды. Чын ыкластуу көңүл айтууңузду кабыл алыңыздар ”, - деди шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын директору Бактыгүл Исмаилова”,-деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми Айнура Акматова маркум дарыгер тууралуу кечээ 3-майдагы жыйында төмөндөгүчө маалымат берген.
“Буга чейин №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринен коронавирус аныкталганы айтылган. Жүзүмкан Көкүмбаева вирус жуктурган кызматкер менен байланышта болгон. Андан да вирус аныкталган соң 24-апрелде Бишкектеги клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына дарылоо үчүн жаткырылган. Кесиптешибизге коронавирус инфекциясы жана оор өткөн эки тараптуу пневмониясы, дем алуу жетишсиздиги жана баш мээсинде шишик диагнозу коюлган. Маркум кесиптешибиздин үй-бүлөсүнө миллион сомдук компенсация төлөнүп берилиши каралууда", - деп билдирди Акматова.
NazarNews маалымат агенттигинин жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Булак: NazarNews.kg