www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылы республиканын билим берүү чөйрөсүндө өлкөнүн калкынын 9 пайызга жакыны эмгектенген. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, азыркы убакта Кыргызстанда 4 миңден ашуун мектепке чейинки, жалпы билим берүү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары иштейт. Алардагы 1,7 млн. тарбиялануучуларды, окуучуларды жана студенттерди тарбиялоону жана билим берүүнү 108 миңге жакын педагогдор камсыз кылат.

2018/2019-окуу жылынын башында республикада 2 миң 265 күндүзгү жалпы билим берүүчү уюмдар иштеген.

Мугалимдик кесип салттуу түрдө аялдардын кесиби катары эсептелет. Мектептерде аял мугалимдердин пайызы эркек мугалимдерге караганда кыйла жогору. Жалпы билим берүүчү мектептердеги мугалимдердин жалпы санынын 85 пайызын аялдар түзөт, алардын 28 пайыздан ашыгы директордун жана директордун орун басарынын кызматын аркалашат.

Педагогикалык курамдын кесиптик деңгээли жетишээрлик жогору. Маселен, 2018/2019-окуу жылынын башына карата мугалимдердин жалпы санынын 87 пайыздан ашууну жогорку билимге ээ болгон.

Мугалимдердин жүктөмдөрүнүн деңгээли мектептерде жогору бойдон калууда. Жалпы билим берүү уюмдарында бир мугалимге орточо 16 окуучу туура келет. Мында, шаардык жана айылдык мектептердин мугалимдеринин жүктөмү кыйла айырмаланат. Эгерде шаардык мектептерде бир мугалимге орточо 20 окуучу туура келсе, ал эми айылдык мектептерде орто эсеп менен 15 окуучу туура келет.

Республиканын жогорку кесиптик окуу жайларында ар бир алтынчы студент педагогдук кесипти тандаган.

2018/2019-окуу жылында республикадагы бардык жогорку билим берүү жайлары тарабынан 5 миңден ашык келечектеги педагогикалык адистер бүтүп чыгышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости