www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда көп балалуу үй-бүлөлөрдүн 56 пайызы жакыр жашайт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

2019-жылдын жыйынтыгы менен алып караганда, өлкө аймагында беш жана андан көп баласы бар үй-бүлөлөрдүн 56 пайызынын жашоо-турмушу катаал экени белгилүү болгон.

Маалыматты карап туруп, баланын саны азайган сайын жакырчылык ошончо азыраак кездешерин көрүүгө болот. Мисалы, төрт балалуу үй-бүлөлөрдүн 37, 8 пайызы жакыр жашаса, үч балалууларда бул көрсөткүч 24,5 пайызга түшөт.

Кыргызстандыктардын 30 пайызы 11 миң сомдон ашпаган айлык алат Буларга салыштырмалуу эки баласы бар жубайлардын турмушу жакшыраак, тагыраагы, арасынан 16,5 пайызы кыйналып жашайт.

Ал эми бир гана баласы барларды айта турган болсок, 10 пайызы кыйынчылык менен күн көрөт. Балдары жок же уул-кыздары 17 жаштан өтүп кеткен ата-энелердин арасынан 2,1 пайызынын материалдык жактан абалы жакшы эмес.

Булак: NazarNews.kg

 



 

Последние новости