www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда бир айдын ичинде бензиндин бир литри - төрт, дизель майы - алты сомго кымбаттайт. Мындай божомолун өлкөнүн Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

Анда Казакстандын ички суроо-талабы өскөнүнө байланыштуу мунай зат продукцияларын экспорттогоо тыюу салынганы белгиленет. Мындан улам коңшу өлкөдөн күйүүчү май ташуу токтотулган.

"Бүгүнкү күндө нефтетрейдерлер өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо менен бирге күйүүчү май дефицитине жол бербөө үчүн  негизги тапшырмасын аткарып жатат. Кыргызстан импортко көз каранды, мунайдын 95 пайызы чет өлкөлөрдөн, тагыраагы, Россиядан алынат", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле нефтетрейдерлер күйүүчү майдын баасы дүйнө жүзүндө дагы тынымсыз өсүп жатканын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости