www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 2020-жылдын III кварталында жашоо минимумунун көлөмү 5 225,09 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда ал 8 пайызга өстү.
Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, республиканын бардык аймактарында июль-сентябрь айларында жашоо минимумунун көлөмүнүн өсүшү белгиленди.
"Жашоо минимумун түзүмү калктын ар бир социалдык-демографиялык топтору үчүн жекече иштелип чыкты жана бекитилди. Ага ылайык, азык-түлүк товарларынын үлүшү (калк үчүн орточо) 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр – 17 пайызды жана салыктар - 2 пайызды түзөт", - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg