www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыр Кыргызстанда жашы 18 жаштан жогорулардын арасында 11 миң киши майып беп табылган. Алардын арасында 95 пайызы ишке жарактуу курактагылар экендигин Улуттук статистика комитети кабарлаган. 

“Майыптыгы жаңы аныкталгандардын ичинен жарымынан көбүрөөгү 57 пайызы эркектер. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин 71 пайызы айыл жергесинде жашайт”,- деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле акыркы беш жыл ичинде өлкөдө майыптыгы боюнча пенсия алгандардын саны 11,2 пайызга көбөйгөндүгү белгилүү болду.

Балдар тууралуу айта турган болсок, төрөлгөндөн тарта 18 жашка чейинкилер арасында 2019-жылы 5 миң киши майып деп аныкталды. Алардын көбү туубаса кемчиликтен улам мүмкүнчүлүгү чектелгендер.

Жалпысынан Кыргызстанда 194 миңден ашуун майып бар.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости