www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Улуттук энергохолдинги жылыткычтарды колдонууга чектөө киргизүү боюнча жагдайга түшүндүрмө берди. Буга чейин соцтармакта Кадамжай районунда жылыткычтарга пломба коюлганы айтылып, сүрөтү жарыяланган.

Улуттук энергохолдингдин маалыматына караганда, пломба абоненттердикине эмес, коммерциялык керектөөчүлөрдүн жылыткычтарына коюлган.

"Элге электр энергиясы менен жылытуучу жылыткычтарды колдонуу тыюу салынды деген чындыкка дал келбейт", — деп айтылат маалыматта.

Ведомстводон билдиргендей, Токтогул суу сактагычындагы суу ресурстарын сактоо жана электр энергиясын калкка үзгүлтүксүз берүү максатында бөлүштүрүүчү компаниялар керектөөчүлөрдүн уруксат берилген гана көлөмдө электр энергиясын колдонуп жатканын текшерген.

"Электр энергиясын колдонууга берилген чектен ашып кеткен абоненттердин суу жылытуучу от казандарына пломба коюлду", — деди холдингден.

Эске салсак, 7-ноябрда "Түндүк электр" кыргызстандыктардын эсептегичине электр энергиясын керектөө кубаттуулугуна чектөө койгон. Бир фазалуу абоненттерге 5 киловатт, үч фазалууларга 10 киловаттка чейин чек коюлган. Энергокомпания Бишкек, Чүй жана Талас облустарын тейлейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости