www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын карызынан бир тыйын дагы кыскарта албай турганын Кытай тарап ачык эле билдириптир. Мындай жоопту финансы министри Бактыгүл Жээнбаева дагы ачык эле айткан.
Тагырагы парламенттин сентябрдагы жыйынында, министр айым кытайлык “Эксим банк” менен карызды кечүү боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканын айткан. Анан анын айткандарына Спутник жооп сураган.
Финансы министрлигинен берилген ал жоопко таянсак, Кытай тарап кыргыз финансисттерин далыга таптап, Кыргыз өлкөсү карызды толук төлөөгө милдеттүү экенин айткан.
Демек, финансистер тезинен кытайларга бере туруучу, эки миллиардга чукул долларды табуунун булагын ачык көргөзүшү керек! Антпесе алар “гумандуулукка” келишпей турганына көз жетти. Кытайлар биздин тоо-кен байлыктарыбызга көп кызыгышат, карыздын айынан аларды кармата берип, ансыз дагы эл арасындагы кыжырданууну күчөтүп албоо керек.
Ошондой эле, биздин күч органдары жеген-ичкен экстерди кустурууда дарамети канчалык экенин далилдөөчү убакыт келди. Анан бийлик дагы өлкөнүн келечеги үчүн ач көз, колу туткак, кекиртеги керней чиновниктерди калкалап калуудан алыс болушу керек.
Булак: NazarNews.kg