www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаев дайыма жаш кыздарды Башкы прокурор жана башка жооптуу иштерге кое турган. Ушул күндөрү Атамбаевдин сулуулары тергөөгө чакырылып, жооп берип жатышат, бирок сулуулар мыкты экен, «сынган жок». Ал эми Атамбаев жерге сууга тийгизбей мактап жүргөн «Баатырлары» четинен «сынып» Атамбаевге каршы көрсөтмөлөрдү бере баштады.
Президент учурунда өз балдарын бийликке жакын жолотпогону менен электрден бекер түшкөн миллиондор капчыктарына түшүп турчу. Өкмөт тендерлерди «крышовать» этип анын балдарына жан тартчу. Ушундай тендерлерге «Кыргызавтомаш» аттуу фирма дайыма катышып келер эле. «Кыргызавтомаш» акционердик коомуна «Автомаш-экол», «Автомаш-Радиатор», «Автомаш-энерго» ЖЧКсы кирип, бѳлүнүп чыккан. Атамбаевдин уулу Саид Атамбаев «Автомаш-энерго» менен «Автомаш-экол» ЖЧКсынын уюштуруучусу катары элге атагы чыккан. Бул компаниялар өкмөт өткөзүп жаткан мамлекеттик тендерлерге катышып, дайыма жеңиш менен чыгышчу.
Ал кездеги президент Атамбаевдин уулу жеңбей көрсүнчү, өкмөт тендерлери менен кошо учуп кетпейби. Ал эми ушул эле эрке баланын «Автомаш-Радиатор» фирмасы чет элдик айыл чарба техникаларын бизге сунуш кылган холдинг «Композит Групп» холдингинин курамында. Мына электр эмне үчүн кымбаттап бара жаткан. Эми атасы Атамбаев камалып жатат, балдары дале электрди мойсоп жатат дешет.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg