www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Карындашым сабалып, зордукталды. Ал эми Кеминдин милициясы өз ишин аткарбай жатат. Себеби, кылмышка шектүү кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Азис менен жакын дос. Ошондуктан зордукчуну кармабай жатышат. Мына ушундай билдирүү социалдык тармактарга чыкты.
Андагы маалыматка караганда, Айжаркын аттуу зордукталган кыз Токмок шаарында жашайт. Ал күйөөсү Тимур менен жарым жыл мурун ажырашып кеткен. Октябрдын төртүнөн бешине караган түнү Тимур Айжаркынды алдап көчөгө чыгарып, унаасына отургузуп Кеминдеги үйүнө алып барган. Ал жакта Айжаркынды сабап, зордуктаган. Зордукчу уктап калганда, Айжаркын качып кеткен.
“Биз Айжаркынды ооруканага жаткырып, милицияга арыз жаздык. Рустам Маматбеков аттуу тергөөчү Тимурду кармагыла деп тапшырма бергем деп жатат, бирок аны кармабай жатышат. Себеби, кылмышка шектүү кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Азис менен жакын дос жана аны башка да кызматкерлер да колдоп жатышат”, -деп жазылган билдирүүдө.
Биз бул боюнча Чүй ОИИББине кайрылып төмөнкүдөй жооп алдык.
2019-жылдын 5-октябрында Кемин РИИБине К.А. аттуу 27 жаштагы Токмок шаарынын тургуну арыз жазып, Т.Т. аттуу 28 жаштагы мурунку күйөөсүнө карата чара көрүүнү өтүнгөн. Айтымында, 4-октябрда Т.Т. аны сабап, зордуктаган. Бул факт Кемин РИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине зордуктоо беренеси боюнча катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Ал эми милиция бул ишти карабай жатат деген билдирүү боюнча Ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык текшерүү иштери башталды.
Мындан сырткары бүгүн эртең менен милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү Т.Т. Кемин РИИБине алып келинип, тергөөчүлөргө көрсөтмө берип жатат, -деп билдиришти Чүй ОИИББинен.
Булак: NazarNews.kg