www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Август айынын этегинде Бишкектин Жал кичи районундагы мушташты эсиңиздерден чыгара элек болсоңор керек. Ошол таяк жеген балдардын бири Асылбек комага түшүп калган.

Учурда ал ооруканадан үйүнө чыкты. Жакын арада жабырлануучу дарылануусун Воронцовкадан улантууну көздөп жатат.  Азырынча ал өз алдынча басат, тамактанат, бирок бат-баттан бир нерсеге ачуулана берген мүнөзү пайда болду. Асылбек ооруканадан чыгарда дарыгерлер ага байкоо жүргүзүп, абалына байланыштуу милицияга көрсөтмө бербей туруусун сунушташкан. Бирок анын атасынын айтымында ал баары бир учурда уруш кайда, качан, эмнеден келип чыккандыгын эстей албай жатат.

Белгилей кетсек, коомду дүрбөлөңгө салган мукташ 28-август күнү Жал кичи районунда жайгашкан соода борборлорунун биринин алдында болгон. Кылмышка шектүүлөр издөөгө алынып, аягында өзүлөрү милицияга келишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости