www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Грузиянын борбору Тбилиси шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында коло байге алды.«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, депутат 70 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан.

Биринчи айлампада Икрамов венгриялык Золтан Шоллени, андан кийин финляндиялык Раймо Лехтону утуп алган. Жарым финалда ирандык спортчу Азад Алимозаммадпурудан жеңилип, үчүнчү орун үчүн болгон беттеште түркиялык Орхан Тикачты утту.

Икрамов грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатына 2018-жылы да катышып, 78 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн. Депутат анда коло байге үчүн таймашта орусиялык Павел Куриленкого жеңилип калган.

Тазабек Икрамов 1996-жылы Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик институтту аяктап, дене тарбия мугалими адистигин алган. 2015-жылы «Өнүгүү - Прогресс» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости