www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев өлкөдөгү музейлердин жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Анда Кыргызстанда музейлер ассоциациясын түзүү, 2021-жылы Россияда өтүүчү эл арлык "Интермузей" фестивалына жогорку деңгээлде катышуу, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктар талкууланган. Ошону менен катар аймактардагы маданий мурастар, тагыраак айтканда, саймалуу таш, петроглифтерди кароо, анын корголушун көзөмөлгө алуучу атайын инспектор штатын түзүү жана методикалык борбор ачуу демилгелери айтылды.

"Музейлердин негизги миссиясы — элдин руханий жана маданий баалуулуктарын сактоо, көбөйтүү жана келечек муунга жеткирүү аркылуу даңазалоо. Мындан улам жарандарга жеткиликтүү болуш үчүн экспонаттарды санариптөө, каталог түзүү, аудиогид системасын киргизүү, портал иштеп чыгуу жана маркетинг иш-аракеттерин күчөтүү керек", — деди Иманалиев.

Бүгүнкү күндө өлкөдө жалпы музейлердин саны 118ди түзөт. Анын ичинен 58и мамлекеттик, министрликтин бюджетинен каржыланганы 29, жергиликтүү бийликтен каржыланганы 29 экени айтылды.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости